# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15834/edition/434235/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (29.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94150

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2013-жылдын 29-марты № 157 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 603/46/10 "2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду (ЭФСМ) ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду (ЭФСМ) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жана 2012-жылдын 13-ноябрындагы Кеңейтилген насыя механизминин программасын (ЕСФ) аткаруу боюнча ниеттер жөнүндө катты аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 2, 3-пункттарындагы түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-пунктунун үчүнчү абзацы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына" деген сөздөрдөн кийин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине" деген сөздөр менен толукталсын;

- 5-пунктундагы "стратегиялык өнүктүрүү" деген сөздөр "инвестиция" деген сөзгө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордун жана бюджеттерин мониторингдөө зарыл болгон мамлекеттик ишканалардын тизмеси төмөнкү мазмундагы 11-20-пункттар менен толукталсын:

"

| 11 | "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому | Электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу | 274,724 | 100 |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| 12 | "Кыргызстан" авиакомпанияс- ы" ачык акционердик коому | Жүргүнчүлөрдү авиа ташууну, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарын ташууну камсыз кылуу | 500,0 | 100 |
| 13 | "Айдаркен сымап комбинаты" ачык акционердик коому | Алгачкы металл сымабын жана анын бирикмелерин, ошондой эле, сурьма жана плавик-шпат концентратын өндүрүү | 132854,0 | 99,987 |
| 14 | "Учкун" ачык акционердик коому | Гезит-журнал, китеп, сүрөт-этикетка продукциясын чыгаруу, полиграфиялык кызматтарды көрсөтүү | 44978,8 | 77,36 |
| 15 | "ЭСК Банкы" ачык акционердик коому | Банк иши | 844018,0 | 100 |
| 16 | "Чыгышэлектр" ачык акционердик коому | Ысык-Көл жана Нарын облустарында керектөөчүлөргө электр энергиясын бөлүштүрүү | 182706,0 | 80,49 |
| 17 | "Ошэлектр" ачык акционердик коому | Ош жана Баткен облустарында керектөөчүлөргө электр энергиясын бөлүштүрүү | 182501,2 | 80,49 |
| 18 | "Жалалабадэле- ктр" ачык акционердик коому | Жалал-Абад облусунда керектөөчүлөргө электр энергиясын бөлүштүрүү | 212618,0 | 80,49 |
| 19 | "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасы | Республикага нефти продуктыларын ташып келүү | 278986,2 | 100 |
| 20 | Кыргыз Республикасын- ын Транспорт жана коммуникациял- ар министрлигинин алдындагы "Кыргызпочтас- ы" мамлекеттик ишканасы | Почта байланышынын улуттук оператору | 20561,5 | 100 |

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 24-майында № 42 жарыяланды

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
