# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасына импорттолуучу баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттерди бошотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасына импорттолуучу баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттерди бошотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 156
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94149>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15833/edition/570685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94149.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 156 "Кыргыз Республикасына импорттолуучу баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттерди бошотуу жөнүндө" токтому (11.08.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94149

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 461 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 29-марты № 156 Кыргыз Республикасына импорттолуучу баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттерди бошотуу жөнүндө "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды импорттоодо бажылык төлөмдөрдүн түшүүсүн көбөйтүү жана Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Убактылуу, 2013-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасына импорттолуучу баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдар аларда даярдоочу өлкөнүн эн тамгасы, сапат тастыктамасы жана бажы декларациясы болгондо жана тандап сыноо экспертизасын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаментине ар бир партиядан буюмдардын 5 пайызын бергенде апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттер бошотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев
