# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-мартындагы № 152 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-апрелиндеги № 244 "Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-мартындагы № 152 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-апрелиндеги № 244 "Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15829/edition/423257/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-мартындагы № 152 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-апрелиндеги № 244 "Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (26.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94145

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2013-жылдын 26-марты № 152 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-апрелиндеги № 244 "Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-апрелиндеги № 244 "Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту "ведомстволор аралык комиссия" деген сөздөрдөн кийин "тиркемеге ылайык курамда" деген сөздөр менен толукталсын;

- 2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:

- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"Ведомстволор аралык комиссияга төрага башчылык кылат. Ведомстволор аралык комиссияны уюштуруучулук камсыздоо Ведомстволор аралык комиссиянын курамына кирген жооптуу катчыга жүктөлөт. Ведомстволор аралык комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин жана башка кызыкдар мамлекеттик органдардын кызматкерлери да кирет. Ведомстволор аралык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";

- Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 29-мартында № 24 жарыяланды

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна тиркеме

Архив документтеринин сырын ачуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик борбордук саясий документтер архивинин директорунун орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин катчылыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматты коргоо бөлүмүнүн начальниги; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик борбордук архивинин директору; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик борбордук саясий документтер архивинин директору; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин атайын бөлүгүнүн жетектөөчү адиси.
