# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-мартындагы № 150 "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-мартындагы № 150 "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94143>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15827/edition/887133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94143.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-мартындагы № 150 "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун түзүү жөнүндө" токтому (26.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94143

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2013-жылдын 26-марты № 150 "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун түзүү жөнүндө "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун түзүү, өнүктүрүү жана киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун өнүктүрүү жана киргизүү Концепциясы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аталган Концепцияны ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
