# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-мартындагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-мартындагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15826/edition/483867/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-мартындагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (12.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94142

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 661 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 25-марты № 149 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңеши жөнүндө жободо:

10-пунктундагы "7" цифрасы "9" цифрасына алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасынын байкоочу кеңешинин курамы төмөнкү мазмундагы он үчүнчү-он алтынчы позициялар менен толукталсын:

"- Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын ташуучулар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

- Бишкек ишкер клубунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

- Эл аралык кызматташуу Герман коомчулугунун Борбордук Азиядагы Региондук экономикалык кызматташууга көмөктөшүү долбоорунун (GIZ) жетекчиси (макулдашуу боюнча).".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
