# Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 31-январындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы2 № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 88 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 31-январындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы2 № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 88 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15823/edition/421913/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 31-январындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы2 № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 88 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94139

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 31-январы № 43 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 88 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 88 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"2. Төмөнкүлөрдө кызматкерлердин штаттык саны этап-этабы менен кыскартылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында, салыктык администрациялоону автоматташтыруу системасы киргизилгенден кийин, 2014-жылдын 1-январынан баштап - 122 орунга;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматында, Автоматташтырылган бирдиктүү маалымат системасын киргизүүнү эске алуу менен, 2014-жылдын 1-январынан баштап - 127 орунга;

- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияда, айрым функциялар боюнча иш жүргүзүү токтотулганына байланыштуу, 2012-жылдын биринчи жарымынын аягында - 9 орунга;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда, пенсия системасын автоматташтырууга байланыштуу, эки этап менен:

2012-жылдын 1-мартынан баштап - 30 орунга; 2014-жылдын 1-январынан баштап - 121 орунга;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында эки этап менен:

2012-жылдын 1-мартына чейин - 83 орунга; 2013-жылдын 1-мартына чейин - 30 орунга.";

- 3-пунктундагы "2012-жылдын 1-апрелине чейин" деген цифралар жана сөздөр "2014-жылдын 1-январына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пунктундагы "I жарымындагы" деген цифра жана сөз "2013-жылдын I жарымындагы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
