# КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 29-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 29-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15820/edition/1150777/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 29-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (30.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94136

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 178 токтомунун негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 29-январы № 40 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 280 жана 281-беренелеринин ченемдерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча наркка салыктын суммасы ашып кеткенин изилдөө, ордун толтуруу жана бюджеттен кайтарып берүү тартиби жөнүндө жободо:

- 16-пункт "жалпы көлөмүнүн" деген сөздөн мурда "салык салынуучу" деген сөздөр менен толукталсын;

- 22-пункттагы "күндөн тартып" деген сөздөр "күндөн кийин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 23-пункттагы "күндөн тартып 60 күндөн" деген сөздөр жана цифралар "күндөн кийин 60 календардык күндөн" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;

- 29-пункттун 1-пунктчасынын он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"- материалдык ресурстарды берүүчүлөрдүн салыктык катталган орду боюнча салык органдарына КНС боюнча эсеп-фактуранын аларга берилген бланктары жөнүндө жиберилген сурамдардын натыйжалары (утурлама текшерүүгө камтылган берүүчүлөрдү кошпогондо);".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
