# КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15814/edition/418756/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94129

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 24-январы № 33 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык) Айрым ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-февралындагы № 47 "Айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баасын (нормативдик баасын) аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баасын (нормативдик баасын) аныктоо тартибинин 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "1.1. Бул Тартип айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баасын (мындан ары - нормативдик баа) аныктоодо: жерди пайдалануунун натыйжалуулугунун деңгээлин белгилөө, жер салыгынын ставкаларын эсептөө, жоготууларды калыбына келтирүү үчүн колдонулат".

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тарып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
