# КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15813/edition/1144316/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (02.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94128

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 24-январы № 32 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 271, 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 271 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-майындагы № 321 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө жобонун 10-пунктунун 7-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-февралындагы № 126 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 10-пунктунун жыйырма төртүнчү абзацындагы "кадрларды тандоону жана жайгаштырууну," деген сөздөр алып салынсын.

5. (КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык пункту күчүн жоготту)

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 9-июнундагы № 336 "Тамеки жалбырагынын жана ферменттелген тамекинин экспортуна лицензия жазып-каттоонун жана берүүнүн жобосу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
