# КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15809/edition/417114/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (24.01.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94124

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 24-январы № 27 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 506 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" токтомуна ылайык, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынан пайдаланууну жөнөкөйлөтүү жана чыгымдарды ыкчам каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:

- 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"4. Фондду башкарууну Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кеңеши (мындан ары - Байкоочу кеңеш) жүргүзөт, анын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен түзүлөт. Фонддун каражаттарын бөлүштүрүүнүн ачык-айкындыгын жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында Байкоочу кеңештин курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлү, Ысык-Көл облусунун райондорунун мамлекеттик администрацияларынын алдындагы коомдук байкоочу кеңештерден, Каракол жана Балыкчы шаарларынын жергиликтүү кеңештеринен бирден өкүл, ошондой эле коомдук уюмдардан, бирикмелерден жана жарандык сектордон кеминде үчтөн өкүлү киргизилет.";

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"6. Фонддун каражаттарын тескөөчүнүн укуктары жана жоопкерчилиги Байкоочу кеңеш бекиткен объекттердин тизмегине жана топтомо сметасына так ылайыкта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө (мындан ары - Фонддун каражаттарын тескөөчү) берилет.";

- 32-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"- 50 проценти Фонддун атына ачылган өзүнчө "Эскроу-Эсепке" которулат жана ал "Кумтөр Голд Компани" ЖАКы менен макулдашуу боюнча Фонддун каражаттарын тескөөчү тарабынан пайдаланылат.";

- 34-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байкоочу кеңештин кароосуна объекттердин кошумча тизмегин киргизүүгө укуктуу.";

- 36-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи абзацтар менен толукталсын:

"- Ысык-Көл облусун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду тең каржылоого;

- облустун калктуу конуштарын суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоого жана курууга.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
