# Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 21-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 21-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15806/edition/416796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 21-январындагы № 23 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94121

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 21-январы № 23 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-февралындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин эрежелеринде:

мамлекеттик тилдеги тексттин 4.16-пунктунун эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Эскертүү: актоочуга жолугушуу анда тапшыруу ордери жана ким экенин күбөлөндүрүүчү документи болгон учурда берилет.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 631 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелеринде:

XIX главасында: жетинчи абзацындагы "же кылмыш иши өндүрүштө болгон жактын же органдын кылмыш-жаза ишине катышууга уруксат жөнүндө катынын" деген сөздөр алып салынсын; Эскертүүсүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
