Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 21-январы № 23 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-февралындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин эрежелеринде:
мамлекеттик тилдеги тексттин 4.16-пунктунун эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Эскертүү: актоочуга жолугушуу анда тапшыруу ордери жана ким экенин күбөлөндүрүүчү документи болгон учурда берилет.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 631 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелеринде:
XIX главасында: жетинчи абзацындагы "же кылмыш иши өндүрүштө болгон жактын же органдын кылмыш-жаза ишине катышууга уруксат жөнүндө катынын" деген сөздөр алып салынсын; Эскертүүсүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (4)
- "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин " ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-февралындагы № 57…Правила · 02.02.2006 · № 57
- Правила внутреннего распорядка следственных изоляторов уголовно-исполнительной системы Министерства юстиции Кыргызской республики (Утверждены постановлением Правительства КР от…Правила · 30.08.2006 · № 631
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2023 · № 456
- Кыргыз Республикасынын Бангизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун убактылуу болок кармоочу жайынын ички тартибинин эрежеси (Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 29…Правила · 29.12.2004 · № 875 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Постановление Правительства КР от 30 августа 2006 года № 631 "Об утверждении Правил внутреннего распорядка следственных изоляторов уголовно-исполнительной системы Министерства…Постановление · 30.08.2006 · № 631
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-февралындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунун ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.02.2006 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 08.09.2023 · № 456
- Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөЗакон · 31.10.2002 · № 150 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 29-ноябрынын № 875 " Кыргыз Республикасынын Бангизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун убактылуу болок кармоочу жайынын ички…Постановление · 29.11.2004 · № 875 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык аймагында жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунда орнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик…Положение · 11.11.2013 · № 600
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык аймагында жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунда…Постановление · 11.11.2013 · № 600