# КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 21-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги№ 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 21-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги№ 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15804/edition/699659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 21-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги№ 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (01.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94119

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 21-январы № 21 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги№ 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамына ылайык жана мамлекеттик органдардын муктаждыктары үчүн азык-түлүк товарларды сатып алууга жиберилген мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси төмөнкү мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:

"

| 32 | "Дан" МИси (Чүй облусу) "Ак-Суу - Дан-Азык" ААКы (Чүй облусу) "Бишкекун- комбинат" ААКы (Чүй облусу) "Кант - Дан-Азык" ААКы (Чүй облусу) "Буудай - Токмок" ААКы (Чүй облусу) "Алтын-Дан" ААКы (Ысык-Көл облусу) "Талас - Дан-Азык" ААКы (Талас облусу) "Кара-Суу - Дан-Азык" АКы (Ош облусу) "Дан" АКы (Баткен облусу) "Азрат-Айыб" ААКы (Жалал-Абад облусу) "Алтын-Дан" ААКы (Нарын облусу) | Мамлекеттик материалдык резервдин азык-түлүк буудайынын данынан иштетилген биринчи жана экинчи сорттогу буудай уну |
| --- | --- | --- |

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
