# Постановление Правительства КР от 15 января 2013 года № 19 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Постановление Правительства КР от 15 января 2013 года № 19 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15802/edition/691469/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 15 января 2013 года № 19 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу жөнүндө" токтому (29.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94117

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 15-январы № 19 Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-декабры № 892 токтомдун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын 2012-жылдын 27-декабрындагы сунуштарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптарына ылайык Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын мындан ары иштөөсүнүн максатка ылайыксыздыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция функцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүп берүү менен жоюлсун.

2. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу боюнча комиссия (мындан ары - жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

3. Жоюу комиссиясы эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-99-статьяларына ылайык Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюуга байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн зарыл каражаттарды издеп тапсын;

- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте ушул токтомдон келип чыгуучу сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;

- (Тѳртγнчγ абзац КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-декабры № 892 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-декабры № 892 токтомдун редакциясына ылайык)

5. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-декабры № 892 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 166 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-майындагы № 211 токтому.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 19 токтомуна тиркеме

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу боюнча комиссиянын

КУРАМЫ

Мамбетов Т.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, жоюу комиссиясынын төрагасы; Жээнбеков Ж.А. - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору, жоюу комиссиясынын төрагасынын орун басары; Кокочаров У.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору, жоюу комиссиясынын төрагасынын орун басары. Комиссия мүчөлөрү: Алимбеков Ж. - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы бухгалтери; Кеңешбаев М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин башкы бухгалтери; Файзулдаев Д.М. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин капиталдык салымдар боюнча бөлүмүнүн начальниги; Кеңешов Т.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин шаар куруу жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги; Рыскулов М.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги; Сагынова Ч.Х. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин капиталдык курулуш объекттерине мониторинг жүргүзүү жана тизмегин түзүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары.
