# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15801/edition/413174/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө" токтому (15.01.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94116

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 15-январы № 18 Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 432 "Илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги илимий мекемелерди оптималдаштыруунун жана реформалоонун натыйжасында бошогон каражаттардын эсебинен эмгек акы төлөөнүн стимулдаштыруу корун түзүшсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
