# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы №16 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруу боюнчаайрым чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы №16 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруу боюнчаайрым чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15799/edition/708349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы №16 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруу боюнчаайрым чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (03.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94114

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 112 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 15-январы № 16 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруу боюнчаайрым чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин өркүндөтүү жана оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ншин уюштуруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- 1-пункттагы "курамына Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кайгуул-күзөт кызматынын бөлүмдөрүн кошуу менен" деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы жөнүндө жободо:

1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "ЖККнын жогору турган бөлүмдөрүнүн буйруктарын, тескемелерин жана көрсөтмөлөрүн ЖККнын төмөн турган бөлүмдөрү өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча аткарууга милдеттүү.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
