# КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 10-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы№182 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 10-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы№182 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 10.01.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15790/edition/1257589/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 10-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы№182 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94105

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-январы № 6 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы№182 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 5-пунктундагы "регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө" деген сөздөр "каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коомдук кабылдамалар жөнүндө жободо:

- 2-пунктундагы "регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жарандардын кайрылуулары жана коомчулук менен байланышуу сектору" деген сөздөр "каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
