# КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 8-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 8-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 08.01.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.01.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15787/edition/411041/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.01.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 8-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (08.01.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94101

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 8-январы № 3 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Качкындар менен иштөө жөнүндө жободо:

- 2-пункттагы "башка мамлекеттин аймагына өзүнүн туруктуу жашаган жерин аргасыздан таштап" деген сөздөр "өзүнүн жарандык таандыктуулугунун өлкөсүнөн же өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары жүргөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

"3. Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам - бул Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясында каралган жагдайлар боюнча качкын деп таанууну каалагандыгы жөнүндө билдирген адам.";

- 13-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

"13. Күбөлүк үч айлык мөөнөткө берилет, андан ары даттануу баскычын кошкондо, акыркы чечим чыгарылганга чейин жарактуулук мөөнөтү узартылат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
