Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 „Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 8-январы № 3 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Качкындар менен иштөө жөнүндө жободо:
- 2-пункттагы "башка мамлекеттин аймагына өзүнүн туруктуу жашаган жерин аргасыздан таштап" деген сөздөр "өзүнүн жарандык таандыктуулугунун өлкөсүнөн же өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары жүргөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"3. Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам - бул Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясында каралган жагдайлар боюнча качкын деп таанууну каалагандыгы жөнүндө билдирген адам.";
- 13-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"13. Күбөлүк үч айлык мөөнөткө берилет, андан ары даттануу баскычын кошкондо, акыркы чечим чыгарылганга чейин жарактуулук мөөнөтү узартылат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-апрелиндеги № 188 токтому менен бекитилди)Положение · 04.04.2003 · № 188
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 705 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн качкындар чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 27.10.2017 · № 705
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 4 апреля 2003 года №188 "Об утверждении Положения о работе с беженцами в Кыргызской Республике"Постановление · 04.04.2003 · № 188
- Качкындар жөнүндөЗакон · 25.03.2002 · № 44