# КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 8-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 8-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 08.01.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15786/edition/1067726/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 8-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (21.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94100

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 8-январы № 2 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жободо:

- 10-пунктунда:

34-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: "34) эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана мамлекеттик органдары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен өз ара мамиле түзүү;"; 36-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: "36) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенитенциардык саясат маселелери боюнча эл аралык уюмдар өткөрүүчү ар кандай иш-чараларда, конференцияларда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын билдирүү;";

- 14-пункттун 2-пунктчасындагы "Кыргызстандын аймагында жайгашкан" деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
