Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Качкындар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-04-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 15-апрелин №161 "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2002-ж. № 5, 203-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Преамбуланын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасы жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалынын белгилери боюнча кандайдыр бир айырмачылыктарына, ошондой эле башка жагдайларына карабай бардык качкындарга тең укуктуу абал берет.".
2. 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Качкындар жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасында качкындар маселелери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.".
3. 11-берененин экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндө же качкын статусун жоготуу тууралуу билдирүү алган адам анын өмүрүнө жана эркиндигине коркунуч туудурган өлкөгө же ал кыйноого алуунун курмандыгы болушу же адамкерчиликке жатпаган мамилеге дуушар болушу мүмкүн болгон өлкөгө чыгарып салууга эч кандай шарттарда жол берилбейт.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
|---|---|
| Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы качкын статусун берүүнүн, жоготуунун жана ажыратуунун шарттарын жана тартибин, качкындардын укуктарын, милдеттери менен жоопкерчилигин белгилейт жана качкындардын укуктарын укук, экономикалык жана социалдык жактан коргоонун кепилдиктерин аныктайт. [Кыргыз Республикасы расасы, жынысы, дини жагындагы кандайдыр бир айырмачылыктарсыз же кайсы өлкөдө төрөлгөнүнө карабай, бардык качкындарга тең укук берет.] | Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы качкын статусун берүүнүн, жоготуунун жана ажыратуунун шарттарын жана тартибин, качкындардын укуктарын, милдеттери менен жоопкерчилигин белгилейт жана качкындардын укуктарын укук, экономикалык жана социалдык жактан коргоонун кепилдиктерин аныктайт. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЖЫНЫСЫ, РАСАСЫ, ТИЛИ, МАЙЫПТУУЛУГУ, ЭТНОСКО ТААНДЫКТЫГЫ, ТУТКАН ДИНИ, КУРАГЫ, САЯСИЙ ЖЕ БАШКА ЫНАНЫМДАРЫ, БИЛИМИ, ТЕГИ, МҮЛКТҮК ЖЕ БАШКА АБАЛЫНЫН БЕЛГИЛЕРИ БОЮНЧА КАНДАЙДЫР БИР АЙЫРМАЧЫЛЫКТАРЫНА, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БАШКА ЖАГДАЙЛАРЫНА КАРАБАЙ БАРДЫК КАЧКЫНДАРГА ТЕҢ УКУКТУУ АБАЛ БЕРЕТ. |
| 3-берене. Качкындар жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасында качкындар маселелери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары, Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Эгерде Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерде жана конвенцияларда ушул Мыйзамда камтылгандардан бөлөк эрежелер каралса, анда Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринен келип чыгуучу эрежелер колдонулат. | 3-берене. Качкындар жөнүндө мыйзамдар КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА КАЧКЫНДАР МАСЕЛЕЛЕРИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ, УШУЛ МЫЙЗАМ ЖАНА БАШКА ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАР, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕР МЕНЕН ЖӨНГӨ САЛЫНАТ. |
| 11-берене. Кыргыз Республикасынын аймагынан администрациялык жол менен чыгарып салуу Качкын статусун жоготкон адамдарды жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы качкын деп таануудан баш тартуу алган адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык жол менен чыгарып салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. [Качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндө же качкын статусун жоготуу тууралу билдирүү алган адам анын расасына, улутуна, динине, жарандыгына, белгилүү бир социалдык топтун мүчөсү болгону же саясий ынанымынын себептери боюнча анын өмүрүнө жана эркиндигине коркунуч туудурган өлкөгө же ал кыйноого алуунун курмандыгы болушу же адамкерчиликке жатпаган мамилеге дуушар болушу мүмкүн болгон өлкөгө чыгарып салууга эч кандай шарттарда жол берилбейт.] Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды администрациялык жол менен чыгарып салуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан жүргүзүлөт. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары администрациялык жол менен чыгарып салууга байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. | 11-берене. Кыргыз Республикасынын аймагынан администрациялык жол менен чыгарып салуу Качкын статусун жоготкон адамдарды жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы качкын деп таануудан баш тартуу алган адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык жол менен чыгарып салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. КАЧКЫН ДЕП ТААНУУДАН БАШ ТАРТУУ ЖӨНҮНДӨ ЖЕ КАЧКЫН СТАТУСУН ЖОГОТУУ ТУУРАЛУ БИЛДИРҮҮ АЛГАН АДАМ АНЫН ӨМҮРҮНӨ ЖАНА ЭРКИНДИГИНЕ КОРКУНУЧ ТУУДУРГАН ӨЛКӨГӨ ЖЕ АЛ КЫЙНООГО АЛУУНУН КУРМАНДЫГЫ БОЛУШУ ЖЕ АДАМКЕРЧИЛИККЕ ЖАТПАГАН МАМИЛЕГЕ ДУУШАР БОЛУШУ МҮМКҮН БОЛГОН ӨЛКӨГӨ ЧЫГАРЫП САЛУУГА ЭЧ КАНДАЙ ШАРТТАРДА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды администрациялык жол менен чыгарып салуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан жүргүзүлөт. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары администрациялык жол менен чыгарып салууга байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 22-декабрындагы № 1444-V "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизуү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 22.12.2011 · № 1444-V
- КР Жогорку Кенешинин ,,2011-жылдын 16-июнундагы № 646-V "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 16.06.2011 · № 646-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 9-февралындагы № 1619-V "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 09.02.2012 · № 1619-V
Шилтеме берет (3)
- Качкындар жөнүндөЗакон · 25.03.2002 · № 44
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон