Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-июлунда кол коюлган «Тянь-Шандын экосистемасын өнүктүрүү» долбоору боюнча грант жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Реконструкциялоо жана өнүктүрүү эл аралык банкынын (Глобалдык экологиялык фондунун ишке ашыруучу агенттигинин милдетин аткаруучу) ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 4 ноября 2011 года № 702 "Об отзыве некоторых проектов нормативных правовых актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-11-04.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 702 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 15-апрели №160 "Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-июлунда кол коюлган "Тянь-Шандын экосистемасын өнүктүрүү" долбоору боюнча грант жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Реконструкциялоо жана өнүктүрүү эл аралык банкынын (Глобалдык экологиялык фондунун ишке ашыруучу агенттигинин милдетин аткаруучу) ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-июлунда кол коюлган "Тянь-Шандын экосистемасын өнүктүрүү" долбоору боюнча грант жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Реконструкциялоо жана өнүктүрүү эл аралык банкынын (Глобалдык экологиялык фондунун ишке ашыруучу агенттигинин милдетин аткаруучу) ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул мыйзам долбоорун кароо учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-июлунда кол коюлган "Тянь-Шандын экосистемасын өнүктүрүү" долбоору боюнча грант жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Реконструкциялоо жана өнүктүрүү эл аралык банкынын (Глобалдык экологиялык фондунун ишке ашыруучу агенттигинин милдетин аткаруучу) ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-июлунда кол коюлган "Тянь-Шандын экосистемасын өнүктүрүү" долбоору боюнча грант жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Реконструкциялоо жана өнүктүрүү эл аралык банкынын (Глобалдык экологиялык фондунун ишке ашыруучу агенттигинин милдетин аткаруучу) ортосундагы макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Реконструкциялоо жана өнүктүрүү эл аралык банкына белгиленген тартипте маалымдасын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын айрым долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2011 · № 702 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаарында 2008-жылдын 24-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Калктуу конуштардын деңгээлинде инфраструктуралык кызматтарды…Закон · 10.12.2008 · № 254
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын айрым долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2011 · № 702 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон