Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 788 „Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 февраля 2012 года № 123 "О Государственном агентстве охраны окружающей среды и лесного хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-20.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №123 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 11-апрели №149 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 788 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №788 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
- 9-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"10. Агенттиктин директорунун статс-катчысы жана эки орун басары болот. Статс-катчыны кызматка дайындоо, бошотуу тартиби, анын функциялары жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат. Агенттиктин директорунун орун басарлары Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Ал жок учурда Агенттиктин директорунун милдеттерин аткаруу анын орун басарларынын бирине жүктөлөт."; 11-пунктта: төртүнчү абзацындагы "статс-катчынын жана" деген сөздөр алып салынсын; бешинчи жана алтынчы абзацтар күчүн жоготту деп табылсын; төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын: "- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Агенттиктин компетенциясына кирген айрым функционалдык милдеттерди аткаруу статс-катчыга жүктөлөт";
- V бөлүм төмөнкү мазмундагы 11-1 жана 11-2-пункттар менен толукталсын:
"11-1. Статс-катчы Агенттиктин кызматчыларын администрациялык мамлекеттик кызматтарга дайындайт, аларды кызматынан бошотот, Агенттиктин директору менен макулдашуу боюнча аларды которууну жана ротациялоону жүзөгө ашырат. 11-2. Агенттиктин алдында коомчулук менен өз ара макулдашып аракеттенүү максатында Коомдук байкоочу кеңеш түзүлөт. Коомдук байкоочу кеңештин иш-аракеттери мамлекеттик органдын алдындагы Коомдук байкоочу кеңеш жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 12-апрелинде №27 жарыяланды
Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №788 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчан турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" жобоПоложение · 18.12.2009 · № 788
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 123 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Окмотунун 2009-жылдын 18-декабрындагы № 788 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 788 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 123 · Күчүн жоготкон