Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-04-08.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 8-апрели №146 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2001-ж., № 6, 191-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-берененин 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 5-беренеде:
1) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 4-бөлүктөгү "эл аралык макулдашууларга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 6-беренедеги "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын элинин саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамында" деген сөздөр "саламаттык сактоо жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 9-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"9-берене. Иммунопрофилактикалоо жаатындагы ишти уюштуруунун негиздери
Кыргыз Республикасында иммунопрофилактикалоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктук мамлекеттик органынын дарылоо-профилактикалоо мекемелери жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы тарабынан жүргүзүлөт. Коргоо, чек ара кызматы, улуттук коопсуздук, ички иштер, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын системасында жана башка аскер түзүлүштөрүндө иммунопрофилактикалоо ведомстволук медицина кызматы тарабынан ишке ашырылат.".
5. 10-берененин 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр "саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 11-беренеде:
1) 1-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр "саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин" деген сөздөр "ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 3-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр "саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 12-беренеде:
1) 3-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр "саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Профилактикалык эмдөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте нормативдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.".
8. 16-беренедеги "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр "саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 17-берененин 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген сөздөр "саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция |
|---|---|
| 2-берене. Иммунопрофилактика жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Иммунопрофилактика жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдардан жана аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат. Эгерде [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде] ушул Мыйзамда каралгандан башкача эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат. | 2-берене. Иммунопрофилактика жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Иммунопрофилактика жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдардан жана аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат. Эгерде КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУ БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДЕ ушул Мыйзамда каралгандан башкача эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат. |
| 5-берене. Иммунопрофилактика жүргүзгөн учурдагы жарандардын укуктары менен милдеттери Кыргыз Республикасынын жарандары иммунопрофилактиканы жүргүзгөн учурда төмөндөгүлөргө укуктуу: - профилактикалык эмдөөнүн зарылдыгы, андан баш тарткан учурдагы анын кесепеттери, вакцинациялоодон кийин ырбап кетүү коркунучунун болушу жөнүндө медициналык кызматкерлерден толук жана объективдүү маалыматтарды алууга; - мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик, менчиктин дагы башка формаларындагы саламаттык сактоо мекемелерин тандап алууга; - Кыргыз Республикасынын жарандарын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык мамлекеттик мекемелерде акысыз профилактикалык эмдөөлөргө; - мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик, менчиктин дагы башка формаларындагы саламаттык сактоо мекемелеринде алдын алуу эмдөөлөрүнүн улуттук календарына киргизилбеген акы төлөнүүчү профилактикалык эмдөөлөрдү алууга; - акысыз медициналык байкоодон өтүүгө, эгер зарыл болсо профилактикалык эмдөөнүн алдында саламаттыкты сактоонун мамлекеттик мекемелеринде медициналык текшерүүдөн өтүүгө; - вакцинациялоодон кийин ырбап кеткенде мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз дарыланууга; - вакцинациялоодон кийин ырбап кеткен учурда социалдык жактан корголууга; - эгерде башка ченемдик актыларда башкалар көрсөтүлбөсө, профилактикалык эмдөөдөн баш тартууга. Профилактикалык эмдөөсү жок болсо: - жаран башка өлкөгө, эгер ал өлкөдө жүргөн учурда эл аралык медико-санитардык, болбосо [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине] ылайык белгилүү бир профилактикалык эмдөөлөр талап кылынса, ал өлкөгө жөнөп кете албайт; - массалык жугуштуу оорулар менен ооруганда же эпидемия чыгуу коркунучу пайда болгондо жарандарды билим берүү мекемелерине жана дарылап сакайтуучу мекемелерге кабыл алууну убактылуу токтото туруу; - жарандарды ишке алуудан баш тартуу же жарандардын иши жугуштуу оорулар менен ооруп калуу тобокели менен байланышкан болсо, аны иштен четтетүү. Жугуштуу оорулар менен ооруу коркунучун пайда кылган милдеттүү түрдө профилактикалык эмдөө жүргүзүүнү талап кылган иштердин тизмеси Саламаттык сактоо министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Чет өлкөлүк жарандарга иммунопрофилактикалык иш-чаралар [эл аралык макулдашууларга] ылайык ишке ашырылат. Иммунопрофилактиканы жүргүзүп жаткан учурда жарандар: - медицина кызматкерлеринин айткандарын жана сунуштарын аткарууга; - профилактикалык эмдөөдөн баш тартса, аны жазуу жүзүндө тастыктоого милдеттүү. | 5-берене. Иммунопрофилактика жүргүзгөн учурдагы жарандардын укуктары менен милдеттери Кыргыз Республикасынын жарандары иммунопрофилактиканы жүргүзгөн учурда төмөндөгүлөргө укуктуу: - профилактикалык эмдөөнүн зарылдыгы, андан баш тарткан учурдагы анын кесепеттери, вакцинациялоодон кийин ырбап кетүү коркунучунун болушу жөнүндө медициналык кызматкерлерден толук жана объективдүү маалыматтарды алууга; - мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик, менчиктин дагы башка формаларындагы саламаттык сактоо мекемелерин тандап алууга; - Кыргыз Республикасынын жарандарын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык мамлекеттик мекемелерде акысыз профилактикалык эмдөөлөргө; - мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик, менчиктин дагы башка формаларындагы саламаттык сактоо мекемелеринде алдын алуу эмдөөлөрүнүн улуттук календарына киргизилбеген акы төлөнүүчү профилактикалык эмдөөлөрдү алууга; - акысыз медициналык байкоодон өтүүгө, эгер зарыл болсо профилактикалык эмдөөнүн алдында саламаттыкты сактоонун мамлекеттик мекемелеринде медициналык текшерүүдөн өтүүгө; - вакцинациялоодон кийин ырбап кеткенде мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз дарыланууга; - вакцинациялоодон кийин ырбап кеткен учурда социалдык жактан корголууга; - эгерде башка ченемдик актыларда башкалар көрсөтүлбөсө, профилактикалык эмдөөдөн баш тартууга. Профилактикалык эмдөөсү жок болсо: - жаран башка өлкөгө, эгер ал өлкөдө жүргөн учурда эл аралык медико-санитардык, болбосо КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУ БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИНЕ ылайык белгилүү бир профилактикалык эмдөөлөр талап кылынса, ал өлкөгө жөнөп кете албайт; - массалык жугуштуу оорулар менен ооруганда же эпидемия чыгуу коркунучу пайда болгондо жарандарды билим берүү мекемелерине жана дарылап сакайтуучу мекемелерге кабыл алууну убактылуу токтото туруу; - жарандарды ишке алуудан баш тартуу же жарандардын иши жугуштуу оорулар менен ооруп калуу тобокели менен байланышкан болсо, аны иштен четтетүү. Жугуштуу оорулар менен ооруу коркунучун пайда кылган милдеттүү түрдө профилактикалык эмдөө жүргүзүүнү талап кылган иштердин тизмеси Саламаттык сактоо министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Чет өлкөлүк жарандарга иммунопрофилактикалык иш-чаралар КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУ БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРГЕ ылайык ишке ашырылат. Иммунопрофилактиканы жүргүзүп жаткан учурда жарандар: - медицина кызматкерлеринин айткандарын жана сунуштарын аткарууга; - профилактикалык эмдөөдөн баш тартса, аны жазуу жүзүндө тастыктоого милдеттүү. |
| 6-берене. Иммунопрофилактика жүргүзгөн учурдагы медицина кызматкерлеринин укуктары менен милдеттери Иммунопрофилактика жүргүзгөн медицина кызматкерлерине [Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын элинин саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамында] каралган укуктар менен милдеттер жайылтылат. | 6-берене. Иммунопрофилактика жүргүзгөн учурдагы медицина кызматкерлеринин укуктары менен милдеттери Иммунопрофилактика жүргүзгөн медицина кызматкерлерине САЛАМАТТЫК САКТОО ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДАРЫНДА каралган укуктар менен милдеттер жайылтылат. |
| [9-берене. Иммунопрофилактика жаатындагы иштердин уюштуруу негиздери Кыргыз Республикасындагы иммунопрофилактика Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо-профилактикалоо мекемелери жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы тарабынан жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тутумунда жана башка аскер түзүлүштөрүндө иммунопрофилактика ведомстволук медицина кызматы тарабынан ишке ашырылат.] | 9-БЕРЕНЕ. ИММУНОПРОФИЛАКТИКАЛОО ЖААТЫНДАГЫ ИШТИ УЮШТУРУУНУН НЕГИЗДЕРИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ИММУНОПРОФИЛАКТИКАЛОО КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУК МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫНЫН ДАРЫЛОО-ПРОФИЛАКТИКАЛОО МЕКЕМЕЛЕРИ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТЫ ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. КОРГОО, ЧЕК АРА КЫЗМАТЫ, УЛУТТУК КООПСУЗДУК, ИЧКИ ИШТЕР, ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫН АЛДЫН АЛУУ ЧӨЙРӨЛӨРҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН СИСТЕМАСЫНДА ЖАНА БАШКА АСКЕР ТҮЗҮЛҮШТӨРҮНДӨ ИММУНОПРОФИЛАКТИКАЛОО ВЕДОМСТВОЛУК МЕДИЦИНА КЫЗМАТЫ ТАРАБЫНАН ИШКЕ АШЫРЫЛАТ. |
| 10-берене. Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календары Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календары башкаруучу инфекцияга каршы жүргүзүлүүчү пландуу профилактикалык эмдөөнү камтыйт. Пландуу профилактикалык эмдөөлөр профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарында белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына жасалат. Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календары [Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги] тарабынан бекитилет. | 10-берене. Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календары Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календары башкаруучу инфекцияга каршы жүргүзүлүүчү пландуу профилактикалык эмдөөнү камтыйт. Пландуу профилактикалык эмдөөлөр профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарында белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына жасалат. Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календары саламаттык САКТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАНЫ тарабынан бекитилет. |
| 11-берене. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөр Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөр жугуштуу оорулар пайда болуу жана жайылуу коркунучу туулганда жарандарга жасалат, анын тизмеси [Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги] тарабынан белгиленет. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү чечимди Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы, областтык, шаардык жана райондук башкы мамлекеттик санитардык врачы, ал эми Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, [Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин] мекемелеринде - тийиштүү медициналык-санитардык кызматтын начальниктери кабыл алышат. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөттөрү менен тартибин [Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги] белгилейт. | 11-берене. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөр Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөр жугуштуу оорулар пайда болуу жана жайылуу коркунучу туулганда жарандарга жасалат, анын тизмеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан белгиленет. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү чечимди Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы, областтык, шаардык жана райондук башкы мамлекеттик санитардык врачы, ал эми Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, ИЧКИ ИШТЕР, УЛУТТУК КООПСУЗДУК, ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫН АЛДЫН АЛУУ ОРГАНЫНЫН мекемелеринде - тийиштүү медициналык-санитардык кызматтын начальниктери кабыл алышат. Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөттөрү менен тартибин САЛАМАТТЫК САКТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАНЫ белгилейт. |
| 12-берене. Профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү талабы Профилактикалык эмдөөлөр мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик, менчиктин дагы башка формасындагы саламаттык сактоо мекемелеринде жарандарга жасалат. Профилактикалык эмдөөлөр жарандардын, ата-энелердин же жаш балдардын башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жараксыз деп табылган жарандардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен жүргүзүлөт. Профилактикалык эмдөөлөр медициналык терс көрсөткүчтөрү жок жарандарга жасалат. Профилактикалык эмдөө жасоого карата медициналык терс көрсөткүчтөрдүн тизмеси [Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги] тарабынан бекитилет. [Профилактикалык эмдөөлөр санитардык эрежелердин талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен тартипте жүргүзүлөт.] | 12-берене. Профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү талабы Профилактикалык эмдөөлөр мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик, менчиктин дагы башка формасындагы саламаттык сактоо мекемелеринде жарандарга жасалат. Профилактикалык эмдөөлөр жарандардын, ата-энелердин же жаш балдардын башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жараксыз деп табылган жарандардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен жүргүзүлөт. Профилактикалык эмдөөлөр медициналык терс көрсөткүчтөрү жок жарандарга жасалат. Профилактикалык эмдөө жасоого карата медициналык терс көрсөткүчтөрдүн тизмеси САЛАМАТТЫК САКТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАНЫ тарабынан бекитилет. ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ЭМДӨӨЛӨР КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БЕЛГИЛЕГЕН ТАРТИПТЕ НОРМАТИВДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫН ТАЛАПТАРЫНА ЫЛАЙЫК ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. |
| 16-берене. Медициналык иммунобиологиялык дары-дармектер менен камсыз кылуу Пландуу профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилген профилактикалык эмдөөлөрдү жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн саламаттык сактоонун уюмдарын медициналык иммунобиологиялык дары-дармектер менен камсыз кылууну мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы аркылуу [Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги] ишке ашырат. | 16-берене. Медициналык иммунобиологиялык дары-дармектер менен камсыз кылуу Пландуу профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилген профилактикалык эмдөөлөрдү жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн саламаттык сактоонун уюмдарын медициналык иммунобиологиялык дары-дармектер менен камсыз кылууну мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы аркылуу САЛАМАТТЫК САКТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАНЫ ишке ашырат. |
| 17-берене. Иммунопрофилактика жаатындагы мамлекеттик статистикалык байкоо Профилактикалык эмдөөлөр, вакцинациялоодон кийинки ырбоолор, профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тартуу учурлары жөнүндөгү маалыматтар мамлекеттик статистикалык эсепке алынат. Профилактикалык эмдөөлөр, вакцинациялоодон кийинки ырбоолор, профилактикалык эмдөөдөн баш тартуу учурлары жөнүндөгү маалыматтар медициналык документтерде жана профилактикалык эмдөөнүн сертификаттарында каттоодон өтүүгө тийиш. Профилактикалык эмдөөлөрдү, вакцинациялоодон кийинки ырбоолорду каттоонун, профилактикалык эмдөөдөн баш тартуу учурларын жол-жоболорунун тартиби, ошондой эле медициналык документтердин жана профилактикалык эмдөөлөрдүн сертификатынын формасы [Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги] тарабынан белгиленет. | 17-берене. Иммунопрофилактика жаатындагы мамлекеттик статистикалык байкоо Профилактикалык эмдөөлөр, вакцинациялоодон кийинки ырбоолор, профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тартуу учурлары жөнүндөгү маалыматтар мамлекеттик статистикалык эсепке алынат. Профилактикалык эмдөөлөр, вакцинациялоодон кийинки ырбоолор, профилактикалык эмдөөдөн баш тартуу учурлары жөнүндөгү маалыматтар медициналык документтерде жана профилактикалык эмдөөнүн сертификаттарында каттоодон өтүүгө тийиш. Профилактикалык эмдөөлөрдү, вакцинациялоодон кийинки ырбоолорду каттоонун, профилактикалык эмдөөдөн баш тартуу учурларын жол-жоболорунун тартиби, ошондой эле медициналык документтердин жана профилактикалык эмдөөлөрдүн сертификатынын формасы САЛАМАТТЫК САКТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАНЫ тарабынан белгиленет. |
"Токтом МБ эскертүүсү": [ ] - алынып салынган же өзгөртүлгөн текст; Чоң шрифт менен берилген текст - жаңы текст.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-июнундагы №676-V "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 17.06.2011 · № 676-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-июнундагы № 677-V "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 17.06.2011 · № 677-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-июнундагы № 678-V "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 17.06.2011 · № 678-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуЗакон · 26.06.2001 · № 56 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Об охране здоровья народа в Республике КыргызстанЗакон · 02.07.1992 · № 943-XII · Күчүн жоготкон