# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-апрелиндеги №145 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-апрелиндеги №145 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94077>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15770/edition/1157446/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94077.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-апрелиндеги №145 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (08.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94077

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 8-апрели №145 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 23-августундагы №143 "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылардын институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:

- 11-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- белгиленген тартипте Министрлик системасынын кызматкерлерин кызматтан бошотот;";

- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Статс-катчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте министр менен макулдашуу боюнча:

- талапкерлерди бош турган административдик мамлекеттик кызматтарга дайындайт;

- Министрлик системасынын административдик мамлекеттик кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматчыларын которуштурууну жана ротациялоону ишке ашырат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 12-апрелинде № 27 жарыяланды

Премьер-министри

А.Атамбаев
