# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 ""Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 ""Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 144
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94076>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15769/edition/1228331/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94076.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 ""Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (24.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94076

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 7-апрели №144 Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июлундагы № 415, 2016-жылдын 16 январындагы № 12 , 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 551 токтомдоруна ылайык) Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө жобо;

- Салык төлөөчүлөрдүн салык мыйзамдарын сактоосу боюнча салык органдарынын кызмат адамдары тарабынан камералдык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо;

- Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо;

- (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 551 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Контролдук сатып алууну жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо;

- (Сегизинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июлундагы № 415 токтомуна ылайык күчүн жоготту);

- Салыктык карызды өндүрүүнүн тартиби жөнүндө жобо;

- Рейддик салыктык контроль жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын алыскы жана барууга кыйын калктуу конуштарында жергиликтүү салыктарды жана ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизиндеги салыктарды төлөө тартиби.

- Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобо.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июлундагы № 415, 2016-жылдын 16 январындагы № 12 , 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 551 токтомдоруна ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-декабрындагы № 614 "Ири салык төлөөчүлөрдү салыктык администрациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына ушул токтом менен бекитилген жоболорго талдоо жүргүзүү, зарыл болгон учурда тийиштүү ченемдик укуктук актынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү тапшырылсын.

4. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министри

А.Атамбаев
