Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Сеул шаарында 2010-жылдын 30-ноябрында кол коюлган, Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 24-февралы №70 "Сеул шаарында 2010-жылдын 30-ноябрында кол коюлган, Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Сеул шаарында 2010-жылдын 30-ноябрында кол коюлган, Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Сеул шаарында 2010-жылдын 30-ноябрында кол коюлган, Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене. Сеул шаарында 2010-жылдын 30-ноябрында кол коюлган, Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Корея тарапка билдирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- 2011-жылдын 15-апрели № 316-V Сеул шаарында 2010-жылдын 30-ноябрында кол коюлган Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим белгилөө жөнүндө Кыргыз…Постановление · 15.04.2011 · № 316-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 15-апрели № 314-V "Сеул шаарында 2010-жылдын 30-ноябрында кол коюлган дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режимди…Постановление · 15.04.2011 · № 314-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 15-апрели № 315-V "Сеул шаарында 2010-жылдын 30-ноябрында кол коюлган Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим…Постановление · 15.04.2011 · № 315-V
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон