Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-02-22.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 22-февралы №68 "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене. "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1994-ж., № 5, 157-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене. Атайын продукцияны берүү жана алмаштыруу, экзамендерди кабыл алуу жана автомототранспортко техникалык кароо жүргүзүү үчүн алынуучу жыйымдар
Автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, атайын продукция берүү жана алмаштыруу үчүн акы төлөөдөн айдоочулар курамын каттоо, экзамендерди кабыл алуу жана автомототранспортторго техникалык кароо жүргүзүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алуучу каражаттар республикалык бюджеттин кирешесине чегерилүүгө тийиш. Жыйымдардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
2. 6-беренеде:
берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6-берене. "Өнөр-жайында иш жүргүзүүнүн коопсуздугу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алуучу жыйымдар".
3. 11-беренеде:
экинчи бөлүктөгү "камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 21-беренедеги ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Байланыш министрлигинин органдары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "почта байланышы тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 27-беренедеги "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 32-беренедеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекция органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. VIII бөлүмдөгү "жана башка мыйзам актылары" деген сөздөр ", ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын бул мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 15-апрели № 331-V ""Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 15.04.2011 · № 331-V
- 2011-жылдын 19-майы № 471-V "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда…Постановление · 19.05.2011 · № 471-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 19-майындагы № 472-V "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 19.05.2011 · № 472-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон