# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №54 токтому менен бекитилген "Контролдук-аналитикалык лабораторияларда баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу" ЭРЕЖЕЛЕРИ

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №54 токтому менен бекитилген "Контролдук-аналитикалык лабораторияларда баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу" ЭРЕЖЕЛЕРИ
- Актынын түрү: Правила
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94062>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/51-313/edition/375785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94062.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №54 токтому менен бекитилген "Контролдук-аналитикалык лабораторияларда баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу" ЭРЕЖЕЛЕРИ (26.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94062

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №54 токтому менен бекитилген

Контролдук-аналитикалык лабораторияларда баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу ЭРЕЖЕЛЕРИ

1. Контролдук-аналитикалык лабораторияларда пайдаланылуучу баңги каражаттар жабык, пломбаланган сейфтерде, психотроптук заттар жана прекурсорлор кулпу салынып жабылган шкафтарда сакталышы керек.

2. Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоого жооптуу болуп лаборатория башчысы, анын орун басары же ага уюмдун буйругу менен ыйгарым укук берилген адам эсептелет. Анда баңги каражаттар сакталган сейфтин ачкычтары болуш керек.

3. Провизор-аналитикке анализ үчүн берилген баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор өзүнчө химик-аналитикте кулпуланып сакталат.

4. Фармацевттик уюмдардан (дарыкана кампалары, дарыканалар) анализге келип түшкөн баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор анализ бүткөндөн кийин үч ай мөөнөттө сакталат, андан кийин алардын калдыгы фармацевттик уюмдарга кайрылып берилет.

Бракка чыгарылган баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор сактоо мөөнөтү өткөндөн кийин колдонуудагы эрежелерге ылайык жок кылынат. Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор камтылган дары-дармек формаларынын калдыктары 15 күн сакталат, андан кийин жогору турган уюмдун жана баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн катышуусу менен жок кылынат, ал лаборатория боюнча акт менен таризделет.

5. Анализ үчүн лабораторияга келип түшкөн баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор дары-дармектик формасына карабастан, тиркелген форма боюнча номерленген, мөөр басылган, контролдук-аналитикалык лабораториянын жетекчисинин колу коюлган жана контролдук-аналитикалык лабораториянын мөөрү басылган түрдө контролдук-аналитикалык лабораторияларда баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсолорду эсепке алуу журналында (ушул Эрежелерге 1-тиркеме) предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш.

Эсепке алуу журналы баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат, бир жылга ачылат жана акыркы жазуу түшүрүлгөндөн кийин беш жыл сакталат.

6. Баңги каражаттарга жана психотроптук заттарга документтер лаборатория башчысында үч жыл сакталууга тийиш.

Контролдук-аналитикалык лабораторияларда баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу эрежелерине 1-тиркеме

Контролдук-аналитикалык лабораторияларда баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу ЖУРНАЛЫ

Каражаттын аталышы, серия № (же пробалар) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Өлчөм бирдиги \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

| Кириштөө | Чыгымдоо |  |  |  |  |  |  |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| №, ана- лиз № | Ке- лип тү- шүү кү- нү | Фар- ма- цевт- тик уюм жана доку- мент- тин № | Се- рия- нын же сы- на- мык- тын № | Өл- чө- мү | Кү- нү | Ал- гач- кы өл- чөмү | Ана- лиз жүр- гүз- гөн күн | Сарп- тал- ган өлчөм | Ана- лиз- дин кал- дыгы | Бош ампу- ла- лар- дын саны | Кампа- га өткө- зүп берүү жөнүн- дө белги же ана- лиздин калды- гын жок кылуу | Ла- бо- ра- то- рия баш- чы- сы- нын аты- жөнү | Анализ жүргүз- гөн прови- зор- анали- тиктин аты- жөнү |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
