Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Дарыкана кампаларында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо, эсепке алуу жана берүү» ЭРЕЖЕЛЕРИ
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 26 марта 2025 года № 152 "О наркотических средствах, психотропных веществах, их аналогах и прекурсорах, подлежащих контролю в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-03-26.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №54 токтому менен бекитилген
Дарыкана кампаларында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо, эсепке алуу жана берүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. I, II тизмектердеги баңги каражаттардын жана II тизмектеги психотроптук заттардын ишенимдүү сакталышын камсыз кылуу үчүн алар сейфтерде сакталышы керек, III тизмектеги баңги каражаттар жана III, IV тизмектердеги психотроптук заттар жана прекурсорлор кулпу салынып жабылган шкафтарда же техникалык чыңдалышы жана өрткө каршы сигналдаштыруу каражаттары менен жабдылышы боюнча талаптарга жооп берген, ушул максат үчүн атайын бөлүнгөн бөлмөлөрдөгү атайын жабдылган текчелерде сакталат.
2. Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо үчүн бөлмөлөр иш бүткөндө кулптанат жана мөөр басып чапталат же пломбаланат, ал эми ачкыч, мөөр жана пломбир баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо үчүн материалдык жооптуу адамда болуш керек.
3. Туура сактоону уюштурууга, баңги каражаттардын, психотроптук
заттардын жана прекурсорлордун сакталышына жоопкерчилик дарыкана кампасынын башчысына жүктөлөт.
4. Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор сакталган бөлмөгө кирүүгө алар менен түздөн түз иштеген, кампа жетекчисинин буйругу менен таризделген адамга гана уруксат берилет.
5. Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор келип түшкөндө кампа башчысы же анын орун басары алынган өлчөмдүн коштомо документтерге шайкештигин текшерүүгө милдеттүү.
6. Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор кампадан мөөр басып чапталган түрдө гана берилет, ар бир таңгакка жөнөтүүчү, аталышы жана анализдин номери көрсөтүлгөн этикеткалар чапталат.
7. Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду берүү дарыкана кампасынын жетекчисинин же анын орун басарынын колу коюлган жана дарыкана кампасынын мөөрү басылган талаптар боюнча жүргүзүлүшү керек.
Баңги каражаттарга, психотроптук заттарга жана прекурсорлорго бардык талаптар жана эсептер башка дары-дармектерге жазылган талаптардан жана эсептерден өзүнчө жазылышы керек, аларда өлчөмү жазуу менен көрсөтүлөт.
8. Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду берүү белгиленген тартипте таризделген өзүнчө ишеним кат боюнча жүргүзүлөт, алынган каражаттардын аталышы жана алардын өлчөмү жазуу менен көрсөтүлөт. Ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү - он күн.
9. Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду берүү алдында материалдык жооптуу адам берүү үчүн негизди, берилүүчү баңги каражаттын, психотроптук заттын жана прекурсордун коштомо документ менен ылайыктыгын, таңгактын тууралыгын жеке өзү текшерүүгө жана дарыкана кампасында калган эсеп-фактурасынын көчүрмөсүнө кол коюуга тийиш.
10. Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор дарыкана кампаларынан медициналык максат үчүн гана саламаттык сактоо уюмдарына жана фармацевттик (дарыкана) уюмдарына, ошондой эле белгиленген тартипте алынган тиешелүү лицензиясы бар илимий-изилдөө мекемелерине жана медициналык окуу жайларына берилет.
11. Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор, дары-дармектик формасына карабастан, тиркелген форма боюнча номерленген, тигилген жана дарыкана кампанын жетекчисинин колу коюлган жана дарыкана кампасынын мөөрү басылган дарыкана кампаларында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу журналында (ушул Эрежелерге 1-тиркеме) предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш.
Эсепке алуу журналы баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат, бир жылга түзүлөт жана ага акыркы жазуу түшүрүлгөндөн кийин беш жыл сакталат.
12. Дарыкана кампасында баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун кириши жана чыгымдалышы боюнча бардык документтер сактоонун белгиленген мөөнөтүнө ылайык аларды сактоого жоопту адамдын жабык жана пломбаланган сейфтеринде сакталышы керек.
13. Дарыкана кампаларында Кыргыз Республикасында медициналык практикада колдонууга уруксат берилбеген баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоого тыюу салынат.
14. Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду ташуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Дарыкана кампаларында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо, эсепке алуу жана берүү эрежелерине 1-тиркеме
Дарыкана кампасынын аталышы ______________________________________
Дарыкана кампаларында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
Каражаттын аталышы _______________________________________________ Ченем бирдиги ____________________________________________________
| Кириштөө | Чыгымдоо | ||||||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Ай | Айдын башы- на кал- дык | Ким- ден алын- ды | Жет- ки- рүүчү доку- доку- мен N жана күнү | Өл- чө- мү | Ки- риш- төө боюн- ча бир айга бар- дыгы | Кимге бе- рилди (алуу- чу) | Доку- мент- тин номе- ри жана күнү | Өл- чө- мү | Баа- сы | Сум- ма | Бир ай- да- гы бар- дык чы- гым- дар | Ай- дын ая- гына кал- дык | Мате- риал- дык жооп- туу адам- дын аты- жөнү |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттары, психотроптук заттар…Постановление · 26.03.2025 · № 152
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №54 "Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу, сактоо жана колдонуу тартиби жөнүндөПостановление · 18.02.2011 · № 54 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Жалпыланган материалды берүү жана карап чыгуу жөнүндө" ЖОБОПоложение · 05.03.2010 · № 135 · Күчүн жоготкон