# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №54 токтому менен бекитилген "Саламаттык сактоо уюмдарында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу"ЭРЕЖЕЛЕРИ

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №54 токтому менен бекитилген "Саламаттык сактоо уюмдарында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу"ЭРЕЖЕЛЕРИ
- Актынын түрү: Правила
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94060>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/51-311/edition/375781/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94060.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №54 токтому менен бекитилген "Саламаттык сактоо уюмдарында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу"ЭРЕЖЕЛЕРИ (26.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94060

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №54 токтому менен бекитилген

Саламаттык сактоо уюмдарында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу ЭРЕЖЕЛЕРИ

1. Саламаттык сактоо уюмдарынын дарыканаларына жана дарыканасы жок саламаттык сактоо уюмдарына дарыканалар үчүн каралган баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу эрежелери таралат.

Өзүнүн дарыканасы жок саламаттык сактоо уюмдары баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду өндүрүштө же дарыканада даярдалган даяр дары-дармек формасы түрүндө гана алуусу керек. Дарыканадан баңги каражаттарды, психотроптук заттарды алууга ишеним катты тариздөөдө баңги каражаттардын жана психотроптук заттардын аталышын жана өлчөмүн көрсөтүү керек. Ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү - бир ай. Дарыканадан алынган баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды камтыган дары-дармектердин этикеткасында төмөнкүдөй белгилер болуш керек: "Ичүү үчүн", "Сырттан", "Саюу үчүн", "Көз тамчылар" ж.б., дарыны жасаган дарыкананын аталышы же номери, бөлүмдүн (кабинеттин) аталышы, саламаттык сактоо уюмунун талабында көрсөтүлгөн жазууга ылайык дарынын курамы, даярдалган күнү, анализдин каттоо номери, жарактуулук мөөнөтү жана дарыканадан дарыны жасаган, текшерген жана берген адамдын колу. Баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды камтыган дары-дармектин таңгактарында көрсөтүлгөн белгилер жок болсо аларды саламаттык сактоо уюмдарында сактоого жана колдонууга уруксат берилбейт. Бөлүмдүн (кабинеттин) тараларына кайрадан таңгактоо, төгүү, кайрадан куюу жана кайрадан коюуга, ошондой эле этикеткаларды алмаштырууга таптакыр тыюу салынат. Баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды камтыган дары-дармектердин этикеткаларында кара тушь менен "Уу" деген штамп басылыш керек. I, II тизмектердеги баңги каражаттар жана II тизмектеги психотроптук заттар сейфтерде сакталышы керек, III тизмектеги баңги каражаттар жана III, IV тизмектердеги психотроптук заттар жана прекурсорлор кулпу салынган шкафтарда же ушул максат үчүн атайын бөлүнгөн бөлмөлөргө орнотулган атайын жабдылган текчелерде сакталат. Сейфтин эшигинин ички бетинде баңги каражаттардын жана психотроптук заттардын бир жолку жогорку жана суткалык дозалары көрсөтүлгөн тизмеги илиниш керек.

2. Парентералдык, ичтен жана сырттан колдонуу үчүн баңги каражаттар жана психотроптук заттар өз өзүнчө сакталыш керек.

3. Бөлүмдөрдө (кабинеттерде) баңги каражаттардын жана психотроптук заттардын запастарын саламаттык сактоо уюмунун жетекчилери аныктайт жана үч күндүк керектөөдөн, ал эми саламаттык сактоо уюмунун дарыканаларында - үч айлык керектөөдөн ашпаш керек.

4. Жашоо көрсөткүчтөрү боюнча кечки жана түнкү учурларда өтө шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн кабыл алуу бөлүмдөрүндө жана стационарлардын адистештирилген кардиологиялык жардам бөлүмдөрүндө баңги каражаттардын жана психотроптук заттардын беш күндүк резервин түзүүгө уруксат берилет. Көрсөтүлгөн резерв жооптуу дежур врачтын уруксаты менен стационардын бардык бөлүмдөрүндө колдонулушу мүмкүн.

Колдонулган баңги каражаттарды бейтапка жардам көрсөтүлгөндөн кийин ушул Эрежелерде белгиленген тартипте тариздөөгө болот.

5. Баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды сактоо жана бейтаптарга берүүгө жооптуу болуп саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси же анын орун басары, ошондой эле уюмдун буйругу менен ыйгарым укук берилген адам эсептелет.

6. Ампулаларды ачуу, сайылуучу баңги каражаттарды пациентке саюу процедура бөлмөсүндө (палатада) медайым тарабынан врачтын катышуусунда жүргүзүлөт, сайылганы жөнүндө оору баянына жана дайындоо баракчасына белгиленет, врачтын жана медайымдын колдору коюлат.

Бейтаптардын пероралдык баңги каражаттарды кабыл алуусу процедура бөлмөсүндө (палатада) медайымдын жана врачтын катышуусунда жүргүзүлөт, бул факт оору баянында жана дайындоо баракчасында көрсөтүлүп, медайымдын жана врачтын колдору коюлат.

7. Саламаттык сактоо уюмдары баңги каражаттардын жана психотроптук заттардын бир жолку жогорку жана бир күндүк дозалары, ошондой эле алар менен ууланганда ууга каршы таблицалар дежур врачтын жана медайымдардын ордуларында жана сактоо ордуларында болушу керек.

8. Саламаттык сактоо уюмдарынын бөлүмдөрүндө жана кабинеттеринде бардык баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор башкы медайымда, улук медайымда, посттордо жана процедура бөлмөлөрүндө предметтик сан жагынан эсепке алынууга тийиш. Эсеп саламаттык уюмдарынын бөлүмдөрүндө жана кабинеттеринде баңги каражаттарды, психотроптук заттарды эсепке алуу журналында белгиленген тартипте жүргүзүлөт (ушул Эрежелерге 1-тиркеме).

Саламаттык сактоо уюмдарында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо жана эсепке алуу эрежелерине 1-тиркеме

Саламаттык сактоо уюмдарынын бөлүмдөрүндө жана кабинеттеринде баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу ЖУРНАЛЫ

Каражаттардын аталышы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Ченем бирдиги \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

| Айдын башы-├─────┬────┬─────┬────┬────┬─────┼─────┬──────┬────┬──────┬─────┤ на кал- дык | Кириштөө Алуу күнү | Чыгымдоо Жет- ки рүү- чү, N жана күнү | Өлчө- мү | Баа- сы | Сум- ма | Аты- жөнү, алуу- чунун колу | Өлчө- мү | Оору баян- дын N бей- таптын аты- жөнү | Бе- рүү күнү | Аты- жөнү, дары- дармек кара- жатын алуу- чунун колу | Айдын аягы- на кал- дык |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
