Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу, сактоо жана колдонуу»ТАРТИБИ
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 26 марта 2025 года № 152 "О наркотических средствах, психотропных веществах, их аналогах и прекурсорах, подлежащих контролю в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-03-26.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №54 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу, сактоо жана колдонуу ТАРТИБИ (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы №543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому менен бекитилген Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду, ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабай, дарыкана уюмдарында жана саламаттык сактоо уюмдарында, ошондой эле илимий-изилдөө уюмдарында жана окуу жайларда эсепке алууга, сактоого жана колдонууга талаптарды белгилейт.
2. Дарыкана уюмдары жана саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле илимий-изилдөө уюмдары жана окуу жайлары, ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабай, баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор менен иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү субъектилердин мамлекеттик реестрине белгиленген тартипте кирүүсү керек.
3. Дарылоочу врачтар баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды дайындоону жана колдонууну оору баянына жана дайындоо баракчасына баңги каражатынын жана психотроптук заттын дарылык формасынын аталышын, анын өлчөмүн жана дозасын көрсөтүп жазышат.
4. Стационарлардын жана медициналык тез жардам кызматынын дарылоочу же дежур врачтары баңги каражаттардын колдонулган ампулаларын ошол эле күнү, дем алыш же майрам күндөрдөн тышкары, саламаттык сактоо уюмунун буйругу менен дайындалган баңги каражаттарды, психотроптук заттарды эсепке алуу жана сактоо боюнча материалдык-жооптуу адамга тапшырышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Колдонулган ампулаларды жок кылуу уюмдун жетекчисинин төрагалыгы менен комиссия аркылуу, Баңги каражаттарды, психотропттук заттарды жана атайын рецепттерди эсептен чыгаруу жана жок кылуу жөнүндө жобого ылайык айына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
6. Дарыкана уюмдарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле илимий-изилдөө уюмдарынын жана окуу жайлардын жетекчилери баңги каражаттарга, психотроптук заттарга керектөөнү аныктоодо баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды чыгымдоо нормаларын жетекчиликке алышат (ушул Тартипке 1-тиркеменин 1, 2 жана 3-таблицалары).
7. Баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды алуу, сактоо, эсепке алуу жана берүү боюнча ишке уруксат берилген адамдарды дайындоо дарыкана уюмдарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле илимий-изилдөө уюмдарынын жана окуу жайлардын жетекчилеринин буйругу менен жүргүзүлөт. Баңги каражаттар жана психотроптук заттар менен иштөөгө адамдарды дайындоо жана уруксат берүү тартиби бузулганы аныкталган учурда саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу, сактоо жана колдонуу тартибине 1-тиркеме
Стационардык жана амбулатордук бейтаптар үчүн баңги дары-дармек каражаттарын керектөө ЧЕНЕМДЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)
1-таблица
Калктын бир жылда 1000 кишиге баңги дары-дармек каражаттарын керектөөнүн эсептик ченемдери (грамм менен)
| N | Дары-дармек каражатынын аталышы | 1000 кишиге ченем |
|---|---|---|
| 1 | Морфин гидрохлорид | 0,3 |
| 2 | Тримеперидин (промедол) | 5,0 |
| 3 | Омнопон | 0,3 |
| 4 | Кокаин | 0,02 |
| 5 | Этилморфин (дионин) | 0,1 |
| 6 | Эстоцин гидрохлорид | 0,3 |
| 7 | Кодеин | 70,3 |
| 8 | Фентанил | 0,006 |
| 9 | Оксикодон; оксикодон+налоксон | 0,35 |
| 10 | Бупренорфин; бупренорфин+налоксон | 0,13 |
Эскертүү: Ченемдер бардык дары-дармек формаларын таза таасир берчү затка кайра эсептеп чыгуу жолу менен аныкталды, ушуга байланыштуу өтүнмөнү ченемдер боюнча эсептик керектөөгө салыштырганда, көрсөтүлгөн заттары бар бардык дары-дармек формаларын таза таасир берчү затка кайра эсептеп чыгуу керек.
2-таблица
Бир жылда бир орунга баңги дары-дармек каражатына керектөөнүн эсептик ченемдери
| N | Дарылоо-алдын алуу уюмундагы бөлүмдүн ├───────┬──────┬──────┬───────┬──────┬─────────┤ аталышы | Баңги дары-дармек каражатынын аталышы(**) Морфин гидро- хлорид 1%-1,0 (амп.) | Омно- пон 1%-1,0 (амп.) | Омно- пон 2%-1,0 (амп.) | Проме- дол 1%-1,0 (амп.) | Проме- дол 2%-1,0 (амп.) | Морфинге окшоштор суммасы (амп.) |
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
| 1 | Терапевтик | 3,0 | 0,5 | 2,0 | 0,5 | 5,0 | 11,0 |
| 2 | Гастроэнтерологиялык | 3,0 | - | 0,5 | 0,5 | 5,5 | 9,5 |
| 3 | Кардиологиялык | 1,0 | 0,5 | 1,5 | 0,5 | 8,0 | 28,1 |
| 4 | Пульмонологиялык | 1,0 | 1,0 | 2,0 | 1,0 | 6,0 | 11,0 |
| 5 | Аллергологиялык | - | - | - | - | 1,0 | 1,0 |
| 6 | Эндокринологиялык | - | - | 0,6 | - | 1,0 | 1,6 |
| 7 | Нефрологиялык | 3,0 | - | 0,5 | 0,5 | 5,5 | 9,5 |
| 8 | Гематологиялык | 2,5 | 2,0 | 12,0 | 4,0 | 36,0 | 56,5 |
| 9 | Профпатологиялык | 1,0 | 1,0 | 2,0 | 0,5 | 6,0 | 10,0 |
| 10 | Хирургиялык | 6,0 | 1,5 | 8,5 | 7,0 | 58,0 | 81,0 |
| 11 | Травматологиялык | 3,0 | 1,0 | 5,0 | 3,0 | 21,0 | 33,0 |
| 12 | Ортопеддик | - | - | 0,2 | 1,0 | 4,0 | 5,2 |
| 13 | Урологиялык | 5,0 | 0,5 | 5,0 | 4,0 | 31,0 | 45,0 |
| 14 | Торакалдык хирургия | 2,0 | - | 5,0 | 20,0 | 150,0 | 177,0 |
| 15 | Күйүк | 9,5 | 3,0 | 13,0 | 15,0 | 115,0 | 155,5 |
| 16 | Реанимациялык | 9,0 | 1,0 | 10,0 | 20,0 | 145,0 | 185,0 |
| 17 | Инфекциялык | 2,0 | 3,0 | 2,0 | 31,0 | 5,0 | 43,0 |
| 18 | Кош бойлуулар жана төрөгөндөр үчүн | 4,0 | 0,5 | 1,0 | 6,0 | 4,0 | 15,5 |
| 19 | Кош бойлуулар патологиясы | - | - | - | - | 0,5 | 0,5 |
| 20 | Гинекологиялык | 3,0 | 2,5 | 9,0 | 2,5 | 14,0 | 31,0 |
| 21 | Неврологиялык | 0,5 | - | 0,5 | 2,0 | 1,0 | 4,0 |
| 22 | Психиатрдык | 0,2 | - | - | - | 0,2 | 0,4 |
| 23 | Офтальмологиялык | 0,3 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 4,0 | 5,8 |
| 24 | Отоларингологиялык | 2,0 | - | 6,0 | 0,5 | 3,5 | 12,0 |
| 25 | Дермато-венерология- лык | - | - | - | - | 0,1 | 0,1 |
| 26 | Кургак учуктук | 2,0 | - | 1,5 | 1,0 | 2,0 | 6,5 |
| 27 | Наркологиялык | - | - | - | - | - | - |
| 28 | Педиатрдык | 0,2 | 0,1 | - | 0,3 | - | 0,3 |
| 29 | Онкологиялык | 2,5 | - | 15,5 | 2,0 | 60,0 | 80,0 |
| 30 | Радиорентгенологиялык | 0,5 | 2,5 | 12,0 | 3,0 | 7,0 | 26,0 |
| 31 | Кабыл алуу | - | - | 0,1 | - | 0,25 | 0,38 |
| 32 | Фельдшердик - акушердик пункт | 10,0 | 1,0 | 6,0 | 2,0 | 7,0 | 26,0 |
| 33 | Үй-бүлөлүк медицина борбору жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу | 2,0 | 0,7 | 0,3 | 1,0 | 2,0 | 6,0 |
| 34 | Стоматология поликлиникасы | - | 0,2 | 0,3 | 0,3/0,3 | -/0,5 | 0,35/0,85 |
| 35 | Онкология диспансери | 140 | - | - | 55,0 | 80,0 | 275,0 |
| 36 | Кургак учук | - | - | 1,0 | 0,5 | 1,0 | 3,0 |
| 37 | 1000 учурга медициналык тез жардам көрсөтүү | 14,0 | - | 7,0 | - | 39,0 | 60,0 |
(**) Медициналык практика үчүн саламаттык сактоонун хирургиялык, травматологиялык, онкологиялык, стоматологиялык, гинекологиялык уюмдарында просидолго ченем промедолдун эсеп ченемине окшош бекитилди.
| N | Дарылоо-алдын алуу уюмундагы бөлүмдүн аталышы | Фента- нил 0,005 - 2%(*) (амп.) | Про- медол (гр.) | Проме- дол табл. 0,025 гр. (табл.) | Эстоцин табл. 0,015 (табл.) | Этил- мор- фин гид- рохло- рид (гр.) | Ко- деин жана анын туз- дары (гр.) | Ко- деини бар таблет- калар жөтөл- дүн (табл.) | Ко- каин гид- рохло- рид (гр.) |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 |
| 1 | Терапевтик | 0,4 | 0,25 | 1,5 | 0,6 | 0,5 | 0,2 | 5,0 | - |
| 2 | Гастроэнтеро- логиялык | 1,0 | - | 0,5 | - | - | - | 2 | - |
| 3 | Кардиология- лык | 1,5 | - | 1,0 | - | 2,0 | - | 1,0 | - |
| 4 | Пульмоноло- гиялык | 0,5 | - | - | - | 0,06 | 0,2 | 4,0 | - |
| 5 | Аллергология- лык | - | - | - | - | - | - | 1,0 | - |
| 6 | Эндокриноло- гиялык | 3,0 | - | - | - | 0,01 | - | 0,1 | - |
| 7 | Нефрологиялык | 1,0 | - | 0,5 | - | - | - | 1,5 | - |
| 8 | Гематология- лык | 5,0 | - | 0,5 | - | 0,3 | - | 1,5 | - |
| 9 | Профпатоло- гиялык | - | - | - | - | 0,06 | 0,2 | 3,0 | - |
| 10 | Хирургиялык | 6,0 | 0,4 | 1,0 | 0,2 | 0,4 | 0,3 | 6,0 | 0,04 |
| 11 | Травматоло- гиялык | 2,0 | - | 0,5 | - | 0,5 | - | 3,0 | 0,03 |
| 12 | Ортопеддик | - | - | - | - | - | - | - | - |
| 13 | Урологиялык | 7,0 | 0,3 | - | - | 0,07 | 0,2 | 3,0 | - |
| 14 | Торакалдык хирургия | 5,0 | - | - | 0,2 | - | - | 5,0 | - |
| 15 | Күйүк | 11,0 | 0,6 | 4,0 | 0,2 | 0,3 | 0,5 | 5,0 | 0,5 |
| 16 | Реанимациялык | 100,0 | - | - | - | - | - | - | - |
| 17 | Инфекциялык | 0,2 | - | 1,0 | - | 0,3 | - | 7,5 | - |
| 18 | Кош бойлуулар жана төрөгөндөр үчүн | 1,0 | - | 1,0 | - | 0,25 | - | 1,0 | |
| 19 | Кош бойлуулар патологиясы | - | - | - | - | - | - | 0,1 | - |
| 20 | Гинекология- лык | 4,0 | - | 7,0 | 0,9 | 0,05 | - | 1,5 | - |
| 21 | Неврологиялык | 0,6 | 0,3 | - | - | 0,45 | 0,6 | 1,5 | 0,03 |
| 22 | Психиатрдик | - | - | - | - | 0,15 | 0,4 | 0,1 | - |
| 23 | Офтальмоло- гиялык | 1,0 | 0,3 | - | 0,2 | 0,7 | - | 1,5 | 0,2 |
| 24 | Отоларинголо- лык | 0,6 | 0,3 | - | - | 1,3 | - | 2,5 | 3,0 |
| 25 | Дермато- венерология- лык | - | - | - | - | 0,1 | - | 4,0 | - |
| 26 | Кургак учуктук | - | 0,1 | 1,2 | 0,2 | 0,35 | - | 4,0 | 0,01 |
| 27 | Наркологиялык | - | - | - | - | - | - | 0,1 | - |
| 28 | Педиатрдык | - | - | 1,2 | - | 0,05 | 1,0 | 1,0 | - |
| 29 | Онкологиялык | 10,0 | - | 0,5 | - | 0,4 | - | 1,7 | - |
| 30 | Радиорентге- нологиялык | 1,0 | - | 0,1 | - | - | - | - | - |
| 31 | Кабыл алуу | - | - | - | - | - | - | 0,45 | - |
| 32 | Айылдык участкалык бейтапкана, амбулатордук кабыл алууну кошкондо | 20,0 | 0,2 | 0,2 | - | 0,2 | 0,5 | 6,0 | 0,1 |
| 33 | Үй-бүлөлүк медицина борбору жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу | - | - | 0,5 | - | 0,2 | - | 2,0 | 0,04 |
| 34 | Стоматология- лык поликлиника | -/1,0 | - | - | - | - | - | - | 0,2 |
| 35 | Онкологиялык диспансер | - | - | - | - | - | - | - | - |
| 36 | Кургак учук диспансери | - | - | - | - | - | - | 3,5 | - |
| 37 | 1000 учурга | 2,5 | - | 1,5 | - | - | - | - | - |
Эскертүү: 0,005 пайыз фентанилдин чыгуу ченеми жалпы наркоз менен операцияга алынган бир бейтапка - 18 ампула чегинде.
3-таблица
Саламаттык сактоо уюмдарынын жана хоспистин паллиативдик жардамынын онкология бөлүмдөрү (палаталары) үчүн бир жылда бир орунга баңги каражаттарга жана психотроптук заттарга болгон керектөөлөрүнүн эсептик ченемдери
| N | Дары-дармек каражатынын аталышы | Чыгаруу формасы жана дозасы | Саны |
|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 |
| 1 | Бупренорфин ├───────────────────────┴───────────────┤ | Сублингвалдык кабыл алуу үчүн таблеткалар 0,2 мг Инъекциялар үчүн эритме, - ампулалар 1 мл да 0,3 мг; - ампулалар 1 мл да 0,6 мг жалпыланган <*> - 94,5 мг | 157,5 табл. 105 ампула 52,5 ампула |
| 2 | Дигидрокодеин - ретард ├───────────────────────┴───────────────┤ | Ичтен кабыл алуу үчүн таблеткалар: - 60 мг; - 90 мг; - 120 мг жалпыланган <*> - 28,56 гр | 158,7 амп. 105,8 амп. 79,3 амп. |
| 3 | Пиритрамид (дипидолор) | Инъекциялар үчүн эритме, ампулалар 2 мл дан 0,75% | 210 амп. |
| 4 | Морфин сульфат (12 сааттан кем эмес таасир берүүчү башка аналогдор) ├───────────────────────┴───────────────┤ | Ичтен кабыл алуу үчүн узартылган таасири бар таблеткалар: - 10 мг; - 30 мг; - 60 мг; - 100 мг; - 200 мг жалпыланган <*> - 6,0 гр | 120 табл. 40 табл. 20 табл. 12 табл. 16 табл. |
| 5 | Морфин гидрохлорид ├───────────────────────┴───────────────┤ | Ичтен кабыл алуу үчүн таблеткалар: 10 мг Инъекциялар үчүн эритме, ампулалар 1 мл де 10 мг жалпыланган <*> - 1,26 гр. | 63 табл. 63 ампула |
| 6 | Омнопон ├───────────────────────┴───────────────┤ | Инъекциялар үчүн эритме: - ампулалар 1 мл ден 1%; - ампулалар 1 мл ден 2% жалпыланган <*> - 1,2 гр. | 60 ампул 30 ампул |
| 7 | Тримеперидин гидрохлорид (промедол) ├───────────────────────┴───────────────┤ | Инъекциялар үчүн эритме: - ампулалар 1 мл ден 1%; - ампулалар 1 мл ден 2% Ичтен кабыл алуу үчүн таблеткалар: 25 мг жалпыланган <*> - 4,95 гр. | 40 ампул 20 ампул 126 табл. |
| 8 | Просидол ├───────────────────────┴───────────────┤ | Буккалдык кабыл алуу үчүн таблеткалар: - 10 мг; - 20 мг; - 25 мг Инъекциялар үчүн эритме, ампулалар 1 мл да 10 мг жалпыланган <*> - 24,86 гр. | 765 табл. 382,5 табл. 306 табл. 191,3 ампул |
| 9 | Фентанил-трансдермалдык дары формасы ├───────────────────────┴───────────────┤ | Пластырь: - 25 мкг/саат; - 50 мкг/саат; - 75 мкг/саат; - 100 мкг/саат жалпыланган <*> - 750мкг/час | 7,5 пласт. 3,75 пласт. 2,5 пласт. 1,9 пласт. Дарылоо максатында пластырды майдалоого болбойт |
Эскертүү: <*> - таза таасир этүүчү затка эсептегенде. Ушул тиркеменин ар бир пункту боюнча дары каражаттын конкреттүү дозаланган формасынын өлчөмү көрсөтүлгөн суммалык сандын чегинде таза таасир берчү затка кайра эсептегенде ашып кетишине жол берилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттары, психотроптук заттар…Постановление · 26.03.2025 · № 152
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор…Постановление · 09.11.2007 · № 543 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №54 "Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу, сактоо жана колдонуу тартиби жөнүндөПостановление · 18.02.2011 · № 54 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.