# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы №58 ""2010-жылдын 9-декабрында Москва шаарында кол коюлган Чарбакер субъекттердин Бажы союзунун алкагындагы талаштары боюнча Евразия экономикалык шериктештигинин сотуна кайрылуу жана алар боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы №58 ""2010-жылдын 9-декабрында Москва шаарында кол коюлган Чарбакер субъекттердин Бажы союзунун алкагындагы талаштары боюнча Евразия экономикалык шериктештигинин сотуна кайрылуу жана алар боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.02.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94055>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15757/edition/375775/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94055.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы №58 ""2010-жылдын 9-декабрында Москва шаарында кол коюлган Чарбакер субъекттердин Бажы союзунун алкагындагы талаштары боюнча Евразия экономикалык шериктештигинин сотуна кайрылуу жана алар боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (21.02.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94055

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 21-февралы №58 "2010-жылдын 9-декабрында Москва шаарында кол коюлган Чарбакер субъекттердин Бажы союзунун алкагындагы талаштары боюнча Евразия экономикалык шериктештигинин сотуна кайрылуу жана алар боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Евразия экономикалык шериктештигинин Мамлекеттер аралык кеңешинин (мамлекет башчыларынын деңгээлинде) 2010-жылдын 9-декабрындагы "Чарбакер субъекттердин Бажы союзунун алкагындагы талаштары боюнча Евразия экономикалык шериктештигинин сотуна кайрылуу жана алар боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө келишим тууралуу" чечиминин 2-пунктуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "2010-жылдын 9-декабрында Москва шаарында кол коюлган Чарбакер субъекттердин Бажы союзунун алкагындагы талаштары боюнча Евразия экономикалык шериктештигинин сотуна кайрылуу жана алар боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министри

А.Атамбаев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 9-декабрында Москва шаарында кол коюлган Чарбакер субъекттердин Бажы союзунун алкагындагы талаштары боюнча Евразия экономикалык шериктештигинин сотуна кайрылуу жана алар боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2010-жылдын 9-декабрында Москва шаарында кол коюлган Чарбакер субъекттердин Бажы союзунун алкагындагы талаштары боюнча Евразия экономикалык шериктештигинин сотуна кайрылуу жана алар боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө келишим ратификацииялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болгон Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетине Кыргыз Республикасы аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
