# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №56 "Кыргыз Республикасынын "Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №56 "Кыргыз Республикасынын "Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.02.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94053>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15756/edition/374946/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94053.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №56 "Кыргыз Республикасынын "Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (18.02.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94053

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 18-февралы №56 Кыргыз Республикасынын "Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергетикалык инфраструктурасын жана электр энергетикалык тармагын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын "Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын энергетика министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

А.Атамбаев

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Азия Өнүктүрүү Банкына маалымдасын.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
