# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №53 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 300 "Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык жардамды каржылоо методдорун оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №53 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 300 "Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык жардамды каржылоо методдорун оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94050>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15753/edition/446224/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94050.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы №53 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 300 "Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык жардамды каржылоо методдорун оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" (25.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94050

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 18-февралы № 53 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 300 "Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык жардамды каржылоо методдорун оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы №14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жана анын административдик ведомстволору жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы №300 "Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык жардамды каржылоо методдорун оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамды каржылоонун базалык ченемдерин эсептөө методикасында:

- бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилет" деген сөздөр ар кандай жөндөмөдө "ММК фонду тарабынан бекитилет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 7-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

А.Атамбаев
