# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №50 "Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №50 "Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94047>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15750/edition/927006/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94047.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №50 "Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу (25.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94047

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 15-февралы №50 Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жер участогуна укук берүү чөйрөсүндөгү уруксат берүү системасын оптималдаштыруу, көп квартиралуу турак үйлөрдөгү жайлардын менчик ээлеринин үйдүн жанындагы жер участогуна жалпы үлүштүк менчикке болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө тиркелген убактылуу жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыксын жана белгиленген тартипте колдонууга киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-мартындагы №198 "Көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чек араларын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

А.Атамбаев
