# Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 7 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 7 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Правила
- Кабыл алынган күнү: 05.01.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.01.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94045>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/51-308/edition/388584/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94045.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.01.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 7 токтому менен бекитилген) (05.01.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94045

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 7 токтому менен бекитилген

Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун ЭРЕЖЕЛЕРИ

1. Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун ушул эрежелери (мындан ары - Эрежелер) өнөр жай үлгүсүнө берилген патентти колдонууну узартуунун шарттарын жана жол-жобосун жөнгө салат, бул патенттин колдонуу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык узартылат.

2. Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патенти (мындан ары- патент) интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына (мындан ары - Кыргызпатент) өтүнмө берген күндөн тартып он жыл бою колдонулат. Патенттин колдонуу мөөнөтү патент ээсинин өтүнүчү боюнча, бирок беш жылдан ашпаган мезгилге Кыргызпатент тарабынан узартылат.

3. Патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча иш жүргүзүү үчүн патент ээси Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлүнө же ишеним кат берүү менен Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында каралган учурларда башка өкүлгө ыйгарым укук берет.

4. Патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч (мындан ары - өтүнүч) патентти колдонуунун онунчу жылынын акыркы эки айынын ичинде ушул Эрежелердин тиркемесине ылайык типтүү бланкта Кыргызпатентке берилет.

5. Өтүнүчкө төмөнкү документтер тиркелүүгө тийиш:

- өнөр жай үлгүсүнө патент (түп нуска);

- патентти күчүндө кармап туруунун тийиштүү жылы үчүн алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ;

- ишеним кат, эгерде иш патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл аркылуу жүргүзүлсө.

6. Өтүнүч мамлекеттик же расмий тилде берилет. Башка тилде берилген өтүнүчкө анын мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелет.

7. Эгерде иш патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл аркылуу жүргүзүлсө, өтүнүчкө патент ээси же патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл тарабынан кол коюлат.

Юридикалык жактын атынан берилген өтүнүчкө уюмдун жетекчиси же анын кызмат орду көрсөтүлүп, буга белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адам тарабынан кол коюлат, анын койгон колу юридикалык жактын мөөрү менен ырасталат. Коюлган кол аны койгон адамдын аты-жөнү көрсөтүлүп чечмеленет.

8. Өтүнүч жана ага тиркелген документтер Кыргызпатентке тикелей берилет же почта аркылуу жиберилет. Өтүнүч жана ага тиркелген документтер факсимилдик байланыш каналы боюнча жиберилиши мүмкүн, факс боюнча документтер келген күндөн тартып бир айдын ичинде алардын түп нускалары берилет.

9. Өтүнүч берилген күндөн тартып, бир айдын ичинде Кыргызпатент төмөнкүлөрдү текшерет:

- өтүнүч кат берүүнүн шарттарын сакталышын;

- талап кылынган документтердин бар болушун жана алардын ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга туура келишин;

- колдонуудагы патент менен пайдалуу моделдин корголуу фактысын.

10. Зарыл болгон документтердин кайсы-бири жок болсо же туура эмес таризделсе, Кыргызпатент өтүнүч берген жакка сурам алган күндөн тартып, эки айдын ичинде жетишпеген жана/же оңдолгон документтерди берүүсү жөнүндө суроо-талап жиберет.

Мында өтүнүчтү карап чыгуунун бир айлык мөөнөтү жетишпеген жана/же оңдолгон документтердин акыркысы берилген күндөн тартып эсептелет. Эгер белгиленген мөөнөттө бардык зарыл болгон туура таризделген документтер берилбесе, патенттин колдонуу мөөнөтү узартылбайт. Өтүнүч берген жакка өтүнүч каттын канааттандырылбагандыгы жөнүндө кабарлоо жиберилет жана патент кайтарылып берилет.

11. Текшерүү оң натыйжа берсе, патентти колдонуу патент ээси сураган мөөнөткө, бирок патенттин колдонуу (беш жылдык) мөөнөтү бүткөн күнүнөн тартып үч жылдан ашпаган мезгилге узартылат.

Патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өнөр жай үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрине киргизилет жана Кыргызпатенттин расмий бюллетенине жарыяланат. Патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө жазуу өтүнүч берген жакка берилүүчү патентке жазылат.

Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерине тиркеме Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы, кат алышуу үчүн дарек)

ӨТҮНҮЧ № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ патенттин (өнөр жай үлгүсүнүн аталышы) колдонуу мөөнөтүн \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ узартууну суранам. (узартуу мөөнөтү) Патенттин колдонуу мөөнөтү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ бүтөт. (күнү, айы, жылы) Тиркеме:

- өнөр жай үлгүсүнө патент;

- патентти колдонуу үчүн тийиштүү жылга алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ;

- өкүлчүлүк кылууга ишеним кат (эгер өтүнүч кат патенттик ишенимдүү өкүл же башка өкүл аркылуу берилсе).

Колу Датасы
