# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы №6 "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы №6 "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 05.01.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.01.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94041>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15747/edition/388561/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94041.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.01.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы №6 "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (05.01.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94041

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 5-январы №6 "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу 1-берене. "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., №5, 157-б.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- II-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 123-берене менен толукталсын:

"12-3-берене Апостиль коюуга жыйым алуу

1. Кыргыз Республикасынан чыккан расмий документтерге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан апостиль коюу үчүн жыйым алынат.

2. Жыйымдын өлчөмү, алуу тартиби жана төлөө мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-берене. Бул Мыйзам чет өлкөлүк расмий документтерди легалдаштыруунун талабын жоюучу 1961-жылдын 5-октябрындагы Конвенциясы Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кирген учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти
