Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 9-февралы №34 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы № 14 Жарлыгына ылайык келтирүү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун каттоо, берүү, алмаштыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ишин өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы ички жана тышкы миграция маселелерин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-декабрындагы №684 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын граждандарынын Кыргыз Республикасынын граждандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алуусу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) аталган токтом менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын граждандарынын Кыргыз Республикасынын граждандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алуусу жөнүндө жободо:
а) бүткүл текст боюнча:
ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын райондук (шаардык) ички иштер органдары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Департаменттин аймактык органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы № 557 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин кабыл алууну, тариздөөнү жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун даярдоону камсыз кылат, Кыргыз Республикасынын жаранынын берилген паспорттору жөнүндө маалыматтык базаны түзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү даярдалган паспортторун берет;
б) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун персоналдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынан тышкары жактарда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин кабыл алууну жана тариздөөнү жүргүзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү персоналдаштырылган жалпы жарандык паспортторун берет.";
2) 4, 5, 7 жана 8-1-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
3) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун берүү менен байланышкан иштерди уюштурууда жана жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына көмөк көрсөтүү сунуш кылынсын.";
4) 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"15. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.";
5) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жободо:
а) бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги", "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"7. Паспортту даярдоо үчүн документтерди кабыл алууну жана тариздөөнү, даярдалган паспортту берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаментинин (мындан ары - Департамент) аймактык органдары жүргүзөт. Паспортту даярдоону жана берилген паспорттор жөнүндө маалыматтардын маалыматтык базасын түзүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (мындан ары - Кызмат) жүргүзөт. Кызмат паспорттук системанын эрежелеринин жарандар жана кызмат адамдары тарабынан сакталышын контролдойт.";
в) 8-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"8. Департаменттин аймактык органдары Департаментке ай сайын төмөнкүдөй маалыматтарды жиберишет:";
г) 9-пункттагы "аймактык паспорттук подразделениелер" деген сөздөр "Департаменттин аймактык органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
д) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"10. Кыргыз Республикасынын жаранына паспорт белгиленген формадагы арыз Департаментке келип түшкөн күндөн баштап он беш календардык күндүн ичинде берилет. Жарандын каалоосу боюнча Департамент алмаштырылып жаткан паспортту паспорт ээсине жаран жаңы паспорт алганга чейин кайтарып берет. Жаран 16 жашка толуп, биринчи жолу паспорт алуу үчүн кайрылганда, ошондой эле паспорту жоголгондугуна байланыштуу паспорт алууга кайрылганда арыз ээсинин каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү берилет.";
ж) 11-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
з) 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"13. Паспорт алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун тариздөөнүн, берүүнүн жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө тиешелүү нускама менен аныкталат.";
и) 18-пункттагы "ЖААЖ органдарынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактык органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
к) 19-пункттагы "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына" деген сөздөр "Департаменттин аймактык органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
л) 20, 23, 28, 32-пункттардагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агентствосу", "Маммаалыматресурстар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Департамент" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
м) 33-пункттагы "Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агентствосунун жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин биргелешкен буйругу менен бекитилген" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 787 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Төмөнкүлөр белгиленсин: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун персоналдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынан документтерди алууну, тариздөөнү жүргүзөт, алардын даярдалышын камсыз кылат, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү берилген жалпы жарандык паспорттору жөнүндө маалыматтардын маалыматтык базасын түзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү даярдалган, персоналдаштырылган жалпы жарандык паспортторун берет. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун персоналдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынан тышкары жактарда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин кабыл алууну жана тариздөөнү жүргүзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү персоналдаштырылган жалпы жарандык паспортторун берет.";
2) 4-пункттагы "нормативдик укуктук актыларын" деген сөздөр "чечимдерин" деген сөз менен алмаштырылсын;
3) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.";
4) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жободо:
а) Жобонун бүткүл тексти боюнча "Маммаалыматресурстар" деген сөздөр "Департаменттин аймактык органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 10-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаментинин аймактык органдары (мындан ары - Департаменттин аймактык органдары), Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаментине (мындан ары - Департамент) ай сайын төмөнкүдөй маалыматтарды жиберет:";
в) 12-пункттун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
г) 15-пунктта:
биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын паспорттук подразделениелери (мындан ары - аймактык паспорттук подразделениелер)" деген сөздөр "департаменттин аймактык органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Жалпы жарандык паспортту персоналдаштырууну жана берилген жалпы жарандык паспорттор жөнүндө маалыматтардын маалыматтык базасын түзүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жүргүзөт.";
д) 19-пункттагы "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызмат адамдарынын чечиминин негизинде (жалпы жарандык паспортту берүүгө уруксат берүү үчүн коюлган колдор) аймактык паспорттук подразделение" деген сөздөр "Департаменттин аймактык органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
е) 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"20. Паспорт алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун тариздөөнүн, берүүнү жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө тиешелүү нускама менен аныкталат.";
ж) 22-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын (мындан ары - ЖААЖ)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактык органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
з) 29-пункттагы "үч нускада акт түзүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте алып коюлууга тийиш, алардын бирөөсү ушул акт түзүлгөн жерде калат, экинчиси Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жиберилет, үчүнчүсү тиркелген жараксыз жалпы жарандык паспорттор менен Маммаалыматресурстарга" деген сөздөр "эки нускада акт түзүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте алып коюлууга тийиш, алардын бирөөсү акт түзүлгөн жерде калат, экинчиси Департаментке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
и) 36-пункттагы "Маммаалыматресурстун, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биргелешкен буйругу менен бекитилген" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 220 "Тажикстан Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышынын жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) аталган токтом менен бекитилген Тажикстан Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышынын жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө жободо:
а) бүткүл текст боюнча:
ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; ар кандай жөндөмөдөгү "ички иштер органдары", "райондук (шаардык) ички иштер органдары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Департаменттин аймактык органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Тажикстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу маселелери боюнча документтерди жөнөкөйлөтүлгөн тартипте тариздөөгө ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы эсептелет.";
в) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алуу маселелери боюнча документтерди Департаменттин аймактык органдарында тариздөөнүн мөөнөтү 30 күндөн ашпоого тийиш.";
г) 14-пункттагы "Улуттук коопсуздук кызматына" деген сөздөр "Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 15 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (15)
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 787 токтому менен…Положение · 10.11.2006 · № 787
- Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 20067-жылдын 10-ноябрындагы №787 Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун жобосун, сүрөттјлүшүн жана…Постановление · 10.11.2006 · № 787
- Положение о паспорте гражданина Кыргызской Республики образца 2004 года (утвержденное постановлением Правительства КР от 27 июля 2004 года №557)Положение · 27.07.2004 · № 557
- Постановление Правительства КР от 27 июля 2004 года №557 "Об утверждении Положения, описания и образца паспорта гражданина Кыргызской Республики образца 2004 года и Положения…Постановление · 27.07.2004 · № 557
- Тажикстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышынын жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006 - жылдын 3…Положение · 03.04.2006 · № 220
- Постановление Правительства КР от 13 декабря 1999 года №684 "Об утверждении Положения об упрощенном порядке приобретения гражданства Кыргызской Республики гражданами Республики…Постановление · 13.12.1999 · № 684
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 220 "Тажикстан Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышынын жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө…Постановление · 03.04.2006 · № 220
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 "Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү…Постановление · 31.07.2024 · № 437
- ПОЛОЖЕНИЕ "Об упрощенном порядке приобретения гражданства Кыргызской Республики гражданами Республики Беларусь, Республики Казахстан и Российской Федерации (Утверждено…Положение · 13.12.1999 · № 684
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 626 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга…Положение · 13.11.2008 · № 626 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы №200 "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагында каттоонун тартиби жөнүндө"жобосуПоложение · 02.05.2008 · № 200 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-ноябрындагы № 626 токтому Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга…Постановление · 13.11.2008 · № 626 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майдын №200 "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагында каттоонун тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 02.05.2008 · № 200 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.12.2016 · № 689 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689-токтомуПостановление · 19.12.2016 · № 689
Шилтеме берет (7)
- Постановление Правительства КР от 27 июля 2004 года №557 "Об утверждении Положения, описания и образца паспорта гражданина Кыргызской Республики образца 2004 года и Положения…Постановление · 27.07.2004 · № 557
- Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 20067-жылдын 10-ноябрындагы №787 Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун жобосун, сүрөттјлүшүн жана…Постановление · 10.11.2006 · № 787
- Постановление Правительства КР от 13 декабря 1999 года №684 "Об утверждении Положения об упрощенном порядке приобретения гражданства Кыргызской Республики гражданами Республики…Постановление · 13.12.1999 · № 684
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 220 "Тажикстан Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышынын жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө…Постановление · 03.04.2006 · № 220
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 437 "Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү…Постановление · 31.07.2024 · № 437
- КР Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы ПЖ №14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө" жарлыгыУказ · 12.07.2010 · № 14 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.12.2016 · № 689 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение об общегражданском паспорте гражданина Кыргызской Республики образца 2004 года (утвержденное поставлением Правительства КР от 27 июля 2004 года № 557)Положение · 27.07.2004 · № 557
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 13-декабрынын, № 918 токтому " "Жибек-Жолу" акционердик коомунун кубаттуулуктарын натыйжалуу пайдалануу боюнча чаралар жонундо"Постановление · 13.12.2004 · № 918 · Күчүн жоготкон