# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №16 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №16 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94017>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15731/edition/969584/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94017.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №16 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө" токтому (27.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94017

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-августундагы № 449, 2017-жылдын 13-июнундагы № 365 , 2018-жылдын 9-октябрындагы № 466 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2011-жылдын 19-январы № 16 Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин ишине дем берүү, потенциалын, чыгармачылык жана кесиптик демилгесин өнүктүрүү, ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле эмгек акыны төлөө системасын реформалоо, эмгек акынын өлчөмүн иштин акыркы жыйынтыгына жараша киргизүү жана белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттары жана өлчөмү 2011-жылдын 1-майынан баштап киргизилсин.

2. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналары тиркемеге ылайык белгиленсин.

2-1. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, А.Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын. С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейинин, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин, "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментине караштуу Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселүүлүк коэффициенти 1.8 өлчөмүндө белгиленсин. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-августундагы № 449, 2017-жылдын 13-июнундагы № 365, 2018-жылдын 9-октябрындагы № 466 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Үстөк акылар жана кошумча төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги:

- маданият, искусство жана маалымат мекемелеринде эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү боюнча даярдык көрүүнү жана маалыматтык-түшүндүрүү иштерин 2011-жылдын 1-майына чейин жүргүзүүнү камсыз кылсын;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте маданият, искусство жана маалымат мекемелеринде эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону жана типтүү штаттарын үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын.

Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы N 268 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө" токтому

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда ушул токтомду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттарды карасын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

А. Атамбаев

Тиркеме

Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин

кызматтык маяналары

Кызмат орду

Кызматтык маяна (сом)

Республикалык мекемелер

Аймактык мекемелер

облустук

райондук, шаардык

айылдык

Жетекчи

8000-9000

6000-8000

5000-6000

4000-5000

Жетекчинин орун басары, бөлүмдөрдүн жетекчилери

6000-8000

5000-6000

4500-5000

\-

Башкы адис

5000-6000

4500-5000

4000-4500

\-

Төмөнкүлөрдүн негизги персоналы:

- театрдык-оюн-зоок мекемелеринин, кинематография мекемелеринин;

- китепканалардын, музейлердин, клубдардын, маданият үйлөрүнүн жана ордолорунун, борборлордун, инспекциялардын ж.б.

4000-5000 4000-5000

3500-4800 3500-4500

3500-4800 3500-4500

- 3500-4000

Инженердик-техникалык персонал

3500-4500

3000-4500

\-

\-
