# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №15 "Социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана тейлөөчү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №15 "Социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана тейлөөчү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94016>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15730/edition/378422/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94016.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №15 "Социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана тейлөөчү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" токтому (19.01.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94016

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 19-январы № 15 Социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана тейлөөчү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө Социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана тейлөөчү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана тейлөөчү кызматкерлердин минимум маянасы 2011-жылдын 1-сентябрынан баштап 2500 (эки миң беш жүз) сом өлчөмдө белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте:

- социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана тейлөөчү кызматкерлердин убактысынын жана иштөөсүнүн тийиштүү нормативдерин 2011-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө иштеп чыксын;

- социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана тейлөөчү кызматкерлерге эмгек акы төлөөнү жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте 2011-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга карата болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда ушул токтомду ишке ашыруу үчүн керектүү каражат караштырсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министр

А. Атамбаев
