# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 19.01.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94015>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15729/edition/378424/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94015.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтому (19.01.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94015

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 19-январы № 14 Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат (тиркелет) көңүлгө алынсын.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары квартал, сайын жетишкендиктерди жана проблемаларды талдоо, ички жана тышкы факторлордун таасирин, ошондой эле отчёттук жылдын аягына чейинки күтүлгөн көрсөткүчтөрдү эске алуу менен отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине Кыргыз Республикасынын 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча талдоо жүргүзүү жана аналитикалык материал даярдоо үчүн социалдык-экономикалык абал жөнүндө отчёт берип турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө жалпыланган маалымат берип турсун.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

А. Атамбаев
