Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы №3 токтому менен бекитилген
Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелерде камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруу деп камсыздандыруу (техникалык) резервдерин толтуруу (камсыз кылуу) үчүн кабыл алынуучу активдер түшүндүрүлөт.
2. Бул Эрежелер камсыздандыруу (техникалык) резервдерин толтуруу (камсыз кылуу) үчүн кабыл алынуучу активдерге коюлуучу талаптарды белгилейт.
3. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерин толтуруу үчүн кабыл алынуучу активдер ишенимдүүлүктүн, кайтарымдуулуктун, кирешелүүлүктүн, өтүмдүүлүктүн, диверсификация кылуунун шарттарын канааттандырууга тийиш.
2. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерин толтуруу үчүн кабыл алынуучу активдердин түрлөрү
4. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерин толтуруу үчүн төмөнкүдөй активдердин түрлөрү кабыл алынат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары, муниципалдык баалуу кагаздары;
2) Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларынын эң жогорку жана андан кийинки жогорку листинг категорияларында турган баалуу кагаздар (мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарды кошпогондо);
3) ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн башка баалуу кагаздарды кошпогондо, ушул Эрежелердин 3-пунктунун талаптарына туура келген баалуу кагаздар;
4) коммерциялык уюмдардын капиталдарына катышуу укугу (чарбалык шериктештиктердеги жана коомдордогу үлүштөр, акционердик коомдорду, акыркы 3 жыл бою кирешелүү иштеген пайдык инвестициялык фонддордун инвестициялык пайларын кошпогондо);
5) эки жылдан кем эмес мезгил бою банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда чыгашасыз иш жүргүзгөн, иштеги кадыр-баркына шек келтирген маалыматтары жок болгон жана өткөн эки отчеттук мезгилде тышкы аудитордун жакшы корутундусу берилген банктарга салымдар (депозиттер);
6) кыймылсыз мүлктөр;
7) кайра камсыздандыруучулардын камсыздандыруу (техникалык) резервдериндеги үлүштөрү;
8) камсыздандыруу (техникалык) резервдериндеги бир кайра камсыздандыруучунун үлүшү (билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резервиндеги кайра камсыздандыруучулардын үлүшүн кошпогондо);
9) кайра камсыздандыруу үчүн кабыл алынган кооптуулук боюнча сыйлыктар депосу;
10) камсыздандыруу сыйлыктары (акылары) боюнча камсыздандыруучулардын, камсыздандыруудагы ортомчулардын дебитордук карыздары, милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучунун дебитордук карыздарын кошпогондо;
11) милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучунун дебитордук карыздары;
12) кайра камсыздандыруу жана камсыздандыруу операциялары боюнча кайра камсыздандыруучулар менен камсыздандыруучулардын дебитордук карыздары;
13) күрөөлүк милдеттенме милдеттүү түрдө таризделгенден кийин берилүүчү займдар;
14) нак акчалар, банк эсептериндеги акча каражаттары;
15) алтын менен күмүштүн куймалары;
16) Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан камсыздандыруу резервдерине тиешеси жок камсыздандыруу (техникалык) резервдерин толтуруу үчүн кабыл алынган активдер, Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбаган кайра камсыздандыруучулардын үлүштөрүн кошпогондо.
5. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, анда кайра камсыздандыруучулардын үлүштөрү алынып салынгандан кийинки камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин каражаттарынын кеминде 80 проценти Кыргыз Республикасынын аймагында инвестиция кылынууга тийиш.
6. Камсыздандыруучулар өздөрүнүн камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин каражаттарын ушул Эрежелерде каралгандан башкача жагдайларда жайгаштыра албайт.
3. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерин толтуруу үчүн кабыл алынуучу активдердин түзүмдөрүнө коюлуучу талаптар
7. Камсыздандыруучу уюмдардын ишинин ушул Эрежелердин 3-пунктунда саналган принциптерге шайкеш келиши ушул Эрежелердин тиркемесиндеги активдердин жана резервдердин түзүмдүк катыштарынын таблицасында аталган түзүмдүк катыштардын аткарылышы менен аныкталат.
Камсыздандыруу (техникалык) резервдерин толтуруу үчүн кабыл алынуучу активдердин жалпы наркы камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунан кем эмес болууга тийиш.
8. Таблица боюнча катыштарды эсептөөдө активдердин баланстык наркы активдердин наркы деп түшүндүрүлөт.
Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун эрежелерине тиркеме
Активдердин жана резервдердин түзүмдүк катыштарынын ТАБЛИЦАСЫ
| № | Камсыздандыруу (техникалык) резервдерин толтуруу үчүн берилген активдер | |
|---|---|---|
| 1 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары, муниципалдык баалуу кагаздар | камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунун 10%инен кем эмес |
| 2 | Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларынын эң жогорку жана андан кийинки жогорку листинг категорияларында турган баалуу кагаздар (мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарды кошпогондо) | камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунун 30%инен көп эмес жана бир эмитенттин үлүшүнүн 25%инен көп эмес |
| 3 | Таблицанын 2-сабында көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо жана ушул Эрежелердин 3-пунктунун талаптарына туура келген баалуу кагаздар | камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунун 20%инен көп эмес жана бир эмитенттин үлүшүнүн 20%инен көп эмес |
| 4 | Коммерциялык уюмдардын капиталдарына катышуу укугу (чарбалык шериктештиктердеги жана коомдордогу үлүштөр, акционердик коомдорду, акыркы 3 жыл бою кирешелүү иштеген пайдык инвестициялык фонддордун инвестициялык пайларын кошпогондо) | камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунун 10%инен көп эмес |
| 5 | Эки жылдан кем эмес мезгил бою банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда чыгашасыз иш жүргүзгөн, иштеги кадыр-баркына шек келтирген маалыматтары жок болгон жана өткөн эки отчеттук мезгилде тышкы аудитордун жакшы корутундусу берилген банктарга салымдар | камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунун 50%инен көп эмес |
| 6 | Кыймылсыз мүлк | өмүрдү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунун 30%инен көп эмес жана өмүрдү камсыздандырууга караганда башка камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунун 20%инен көп эмес |
| 7 | Камсыздандыруу (техникалык) резервдериндеги кайра камсыздандыруучулардын үлүшүнүн суммалык чоңдугу (билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резервиндеги кайра камсыздандыруучулардын үлүштөрүн кошпогондо) | өмүрдү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунун 95%инен көп эмес жана өмүрдү камсыздандыруу караганда башка камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунун 95%инен көп эмес, билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резервин кошпогондо |
| 8 | Камсыздандыруу (техникалык) резервдеринде бир кайра камсыздандыруучунун эң чоң үлүшү (билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резервиндеги кайра камсыздандыруучулардын үлүшүн кошпогондо) | камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунун 25%инен көп эмес |
| 9 | Кайра камсыздандырууга кабыл алынган кооптуулук боюнча сыйлык депосу | камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунун 50%инен көп эмес |
| 10 | Камсыздандыруу сыйлыктары (акылары) боюнча камсыздандыруучулардын, камсыздандыруудагы ортомчулардын дебитордук карыздары, милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучунун дебитордук карыздарын кошпогондо | өмүрдү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунун 5%инен көп эмес жана өмүрдү камсыздандырууга караганда башка камсыздандыруу боюнча иштелип табылбаган сыйлыктардын резервинин суммалык чоңдугунун 50%инен көп эмес |
| 11 | Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучунун дебитордук карыздары | милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу келишими боюнча иштелип табылбаган сыйлыктардын резервинин суммалык чоңдугунун 100%и |
| 12 | Кайра камсыздандыруу жана камсыздандыруу операциялары боюнча кайра камсыздандыруучулар менен камсыздандыруучулардын дебитордук карыздары | камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунун 50%инен көп эмес |
| 13 | Күрөөлүк милдеттенме милдеттүү түрдө таризделгенден кийин берилүүчү займдар | камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунун 30%инен көп эмес |
| 14 | Камсыздандыруунун жүргүзүлүп жаткан түрлөрү боюнча учурдагы камсыздандыруу суммаларын төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн банктагы алыш-бериш эсебиндеги акча калдыктары жана нак акчалар | камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунун 5%инен кем эмес |
| 15 | Алтын менен күмүштүн куймалары | камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунун 15%инен көп эмес |
| 16 | Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан камсыздандыруу резервдерине тиешеси жок камсыздандыруу (техникалык) резервдерин толтуруу үчүн кабыл алынган активдердин суммалык наркы, Кыргыз Республикалык резиденти болуп саналбаган кайра камсыздандыруучулардын үлүштөрүн кошпогондо | камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин суммалык чоңдугунун 10%инен көп эмес |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы №3 "Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.01.2011 · № 3 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу пулу жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын…Положение · 25.04.2023 · № 226
- Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндөЗакон · 23.07.1998 · № 96 · Күчүн жоготкон