# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы №3 "Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы №3 "Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 05.01.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94009>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15724/edition/388525/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94009.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы №3 "Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (05.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94009

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 719 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2011-жылдын 5-январы №3 Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, камсыздандыруу милдеттенмелерин камсыздандыруучу уюмдар тарабынан аткаруусун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун тиркелген эрежелери бекитилсин.

2. Камсыздандыруучу уюмдар камсыздандыруу (техникалык) резервдерин толтуруу үчүн кабыл алынуучу активдерди 2011-жылдын 1-апрелине чейин ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген Эрежелерге ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын 2007-жылдын 17-августундагы №1 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруучу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы жана Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын 2007-жылдын 17-августундагы №1 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруучу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы жана Камсыздандыруучу уюмдар тарабынан камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруунун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын 2009-жылдын 28-августундагы №84 токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап кеминде бир айдан кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

А.Атамбаев
