Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Саламаттык сактоо уюмдарында талаптарды жазуу эрежелери (Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы №2 токтому менен бекитилген
Саламаттык сактоо уюмдарында талаптарды жазуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Дарылоо-диагностикалык процесстерди камсыздоо үчүн саламаттык сактоо уюмдары талаптарга ылайык дары-дармек каражаттарын дарыкана уюмдарынан алышат (дарыкана саламаттык сактоо уюмунун түзүмүндө болушу мүмкүн).
Дары-дармек каражаттарын дарыканадан алууга саламаттык сактоо уюмунун талабында саламаттык сактоо уюмунун бөлүмүнүн же кабинеттин аталышы, штампы, тегерек мөөрү, анын орун басарынын же же анын дарылоо боюнча орун басарынын колу болууга тийиш. Талапта дары-дармек каражатынын аталышы, дозасы жана дары-дармек формасы (таблетка, ампула, май, суппозиторий ж.б.) жана жалпы өлчөмү жана таңгактоо түрү (куту, флакон, туба ж.б.) көрсөтүлөт. Дары-дармек каражатынын аталышы латын тилинде жазылат. Талапта дары-дармек каражатын колдонуу ыкмасы көрсөтүлөт: саюу үчүн, сырттан пайдалануу, ичтен кабыл алуу үчүн, көз тамчылары ж.б. Баңги каражаттарына, психотроптук заттарга, уулуу, күчтүү таасир этүүчү заттарга жана этил спиртине талаптар өзүнчө бланкка саламаттыкты сактоо уюмунун штампы, тегерек мөөрү басылып жана саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси же анын дарылоо боюнча орун басары кол коюп жазып берилет.
2. Стоматологдор, тиш дарыгерлери стоматологиялык кабинетте колдонулчу төмөнкү дары-дармек каражаттарына жана заттарга гана өзүнүн колун коюп талап жазышы мүмкүн (пациенттин колуна берүү укугусуз):
- адреналин (эпинефрин) 0,1 процент эритме (ампула менен түп нуска таңгакта);
- азот кислотасы (таза түрүндө);
- амилнитрит (ампулаларда);
- йодоформ (порошокто, пастада, эмульсияда);
- кофеин-бензо-натрий тузу (ампулаларда);
- кокаин (пастада);
- мышьяк түрүндөгү ангидрид (пастада 50 процентке чейин);
- новокаин (таза түрүндө, 50 процентке чейин эритмеде);
- резорцин (кристаллдарда);
- күмүш нитраты (кристаллдарда, эртимелерде);
- трипафлавин (эритмелерде);
- трихлоруксус кислотасы (таза түрүндө);
- фенол (таза түрүндө жана башка заттар менен аралашмада);
- формальдегид (5 проценттүү, 10 проценттүү, 40 проценттүү эритмеде);
- хлороформ (ампулаларда);
- хлорэтил (ампулаларда);
- этил эфири (таза түрүндө).
3. Кокаинге (пастада), мышьяк түрүндөгү ангидридге (пастада 50 процентке чейин), күмүш нитратына (кристаллдарда жана эритмелерде) жазылган талапта стоматологдун колунан тышкары уюмдун жетекчисинин же анын орунбасарынын колу коюлуп, саламаттык сактоо уюмунун тегерек мөөрү басылышы керек.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы №2 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.01.2011 · № 2 · Күчүн жоготкон