# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы №2 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы №2 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 05.01.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94003>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15723/edition/1290313/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94003.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы №2 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (08.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94003

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 572 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 5-январы №2 Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 232, 2018-жылдын 22-майындагы № 242, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" жана "Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, калкка дары-дармек жактан жардам көрсөтүү сапатын жогорулатуу, рецепт жазуу жана дары-дармек каражаттарын берүү тартибин кынтыксыз аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелери;

- рецептердин бланктарынын формалары;

- саламаттык сактоо уюмдарда жана фармацевттик уюмдарда предметтик-сандык эсепке алына турган дары-дармектердин тизмеги;

- фармацевттик уюмдардан дары-дармек каражаттарын берүү эрежелери;

- саламаттык сактоо уюмдарында талаптарды жазып берүү эрежелери;

- рецепттик бланктарды сактоо тартиби жөнүндө нускама;

- фармацевттик уюмдардын дары-дармек каражаттарын берүүсүн контролдоо тартиби.

- Дарыкана уюмдары аркылуу сатылуучу медициналык багыттагы товарлардын жана буюмдардын тизмеги.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-апрели № 232 токтомдун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - ММКФ) бул токтомду менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарына жана фармацевттик уюмдарга билдирсин.

3. Рецепт менен берилүүчү дары-дармек каражаттары эл аралык патенттелбеген аталышы менен бекитилген үлгүдөгү рецепттин бланктарында - электрондук форматта жана/же кагаз жүзүндө жазылат деп белгиленсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери ушул токтом менен бекитилген рецепттик бланктардын формасын көбөйтүп басып чыгарууну камсыз кылышсын.

5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги А жана Б тизмелериндеги дары-дармек каражаттарынын, ошондой эле дарыканалардан дарыгердин рецептисиз берүүгө уруксат берилген медициналык препараттардын, аларга зарылдыгына жараша өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен тизмегин аныктасын.

6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 16-февралында №18-16 менен катталган, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2006-жылдын 30-январындагы №48 "Дары-дармек каражаттарына рецепт жазып берүү жана аларды берүү эрежелери жөнүндө" буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы N 2 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

Медициналык документация ЛС-2 форма

Уюмдун аталышы жана коду (штамп)

өлчөмү 110х150 мм

РЕЦЕПТ (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 242 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ) Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

Медициналык документация

ЛС-1 формада

Уюмдун аталышы жана коду (штамп)

өлчөмү 105x145 мм

РЕЦЕПТ (чоңдордуку, балдардыкы - керектүүсүнүн астын сызгыла) 201\_\_\_-ж. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 242 токтомунун редакциясына ылайык) Бейтаптын аты-жөнү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Курагы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Дарыгердин аты-жөнү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Rp: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Rp: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Дарыгердин колу жана өздүк мөөрү

М.О.

Рецепт 10 күнгө, 2 айга, 1 жылга жарактуу (кереги жогун чийип салгыла) ДАРЫГЕРГЕ ЭСКЕРТМЕ ЛС-1 формадагы рецепттин арткы бетине Саламаттык сактоо уюмунун коду басмаканалык ыкма менен басылат же штамп коюлат. Жеке практикадагы дарыгерлердин рецепттик бланктарынын жогорку бурчунда басмаканалык ыкма менен алардын дареги, лицензиясынын номери, берилген датасы, жарактуулук мөөнөтү жана аны берген уюмдун аталышы көрсөтүлүшү керек. Рецепт латын тилинде, даана, так, сыя же шариктүү калемсап менен жазылат. Оңдоп-түзөөгө тыюу салынат. Бир рецепттик бланкта предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш болгон бир аталыштагы дары-дармек каражатын жана 2 аталышка чейинки рецепт боюнча берилген дары-дармекти жазууга уруксат берилет. Белгилөөлөрдүн кабыл алынган кыскартууларына гана уруксат берилет, катуу жана чубурма заттар грамм жана миллиграмм, суюктуктар - миллилитр, грамм же тамчы менен жазылат. Колдонуу ыкмасы кыргыз же орус тилинде көрсөтүлөт. "Ичүүгө", "белгилүү" ж.б. сыяктуу жалпы көрсөтмөлөр менен чектелүүгө тыюу салынат. Бейтаптын аты-жөнү, анын курагы, дарыгердин аты-жөнү көрсөтүлөт. Дарыгердин колу өзүнүн өздүк мөөрү, саламаттык сактоо уюмунун рецепт үчүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Дарыгер жазылган рецепттин жарактуулук мөөнөтү жөнүндө бейтапка эскертүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы N 2 токтому менен бекитилген

Баңгизат кармаган дары-дармекти алууга РЕЦЕПТ АВ N \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 75x120 мм

AB N \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

өлчөмү 75x120 мм

Ө

(Саламаттык сактоо уюмунун штампы жана коду) 200\_-жылдын "\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

о

з

с

г

Rp: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

т

ө

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

а

ч

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

е

ө

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

т

с

э

Кабыл алуу \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

я

с

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

е

Гр. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

в

п

Оору баяны N \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

т

Дарыгер \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

а

е

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

п

г

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

т

и

(даана жазылат)

е

к

д

М.О.

е

о

к

Сыя менен толтурулат.

у

Оңдоп-түзөтүүгө тыюу салынат.

м

е

н

т

Эскертүү: Бул бланк бекитилген үлгүдөгү кызгылт түстө суу белгиси бар кагазда бланкты кайталайт. Сыя жана шариктүү калемсап менен толтурууга жол берилет. Тариздөө ушул токтом менен бекитилген Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелеринин 13-пунктуна ылайык жүргүзүлөт. Баңги препараттарынын жазылган өлчөмү жазуу жүзүндө жазылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы N 2 токтому менен бекитилген

Саламаттык сактоо уюмдарында жана фармацевттик уюмдарда предметтик-сан жагынан эсепке алына турган дары-дармек каражаттарынын ТИЗМЕГИ

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы N 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому менен бекитилген баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор.

2. Уулуу дары-дармек каражаттары.

2.1. Уулуу дары-дармек каражаттары:

1) атропин сульфаты;

2) сымап дийодиди;

3) дикаин;

4) күмүш нитраты (ляпис);

5) гоматропин гидробромиди;

6) апоморфин гидрохлориди;

7) пахикарпиндинг гидройодиди;

8) литий оксибутираты.

2.2. Өзгөчө уулуу дары-дармек каражаттары:

1) мышьяктуу ангидрид;

2) натрий арсенаты кристаллдык (мышьяктуу кислотанын динатрий тузу);

3) стрихнин нитраты;

4) сымап дихлориди (сулема);

5) сымап оксицианиди (оксицианиддүү сымап);

6) сымап цианиди.

3. Этил спирти - ангро.

4. Таасири күчтүү заттар:

1) клонидин (клофелин, гемитон, катапрессан) - порошок, көз тамчылары, саюу үчүн эритмелер;

2) тригексифенидил (циклодол).

Эскертүү: Дары-дармек каражаттары катталганына жараша Предметтик-сан жагынан эсепке алына турган дары-дармек каражаттарынын тизмеги дайыма толукталып турууга тийиш. Саламаттык сактоо уюмдарынын жана фармацевтик уюмдардын жетекчилери предметтик-сан жагынан эсепке алына турган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын кошумча тизмесин белгилеши мүмкүн.

Дарыкана уюмдары аркылуу сатылуучу медициналык багыттагы товарлардын жана буюмдардын ТИЗМЕГИ (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)

Медициналык буюмдар, багуу жана гигиена каражаттары

Медициналык багыттагы буюмдар

1

Адсорбенттер

күкүм сымал, микробго каршы

2

Бинттер

ар кандай түрдөгү жана багыттагы

3

Гипс бинттери

4

Вата

гигроскопиялык медициналык, хирургиялык гигроскопиялык, гигиеналык

5

Гипс

6

Голеностоптор

7

Гольфтор, медициналык байпактар, варикозго каршы

8

Кан токтотуүчу жгуттар

9

Ашказан зонду

ашказан-ичеги, азыктандыруучу

10

Инъекциялык ийнелер

бардык түрү

11

Катетерлер

бардык түрү

12

Медициналык желим

13

Магниттик клипстер

14

Дарылоочу колготкилер

15

Сүт сордургуч

16

Жатын ичиндеги контрацептивдер

17

Балдактар

18

Төшөлмө тегеректер

19

Көз лопаткалары

20

Медициналык марли

21

Медициналык маскалар

22

Заң кабыл алгычтар

23

Заара кабыл алгычтар

24

Тизеге байлагычтар

25

Чыканакка байлагычтар

26

Манжага байлагычтар

27

Тамыр байлагычтар

28

Биринчи жардамда таңуучу пакеттер

29

Медициналык резина мээлейлер, коргоочу

30

Тамчылаткычтар

31

Ар кандай пластырлар, медициналык

32

Таңгычтар

медициналык ар кандай типтеги жана арналыштагы, фиксациялоочу

33

Кычкыл тек үчүн жаздыктар

резина-кездеме, кездеме, үйлөмө ванналар үчүн

34

Вата-марлиден жасалган жаздыктар

35

Азыктагычтар

бардык түрү

36

Жаракат жапкычтар

37

Радикулитти дарылоо үчүн бел кур

38

Презервативдер

39

Ортопедиялык төшөлмөлөр

40

Резиналык капчык

41

Медициналык арналыштагы респираторлор

түрлүү типтеги арналышта

42

Упчулар (пустышка)

43

Балдардын бөтөлкөлөрү үчүн упчулар

44

Спринцовкалар

45

Батектер

ар кандай арналыштагы, анын ичинде ортопедиялык

46

Супинаторлор

47

Тампондор

Ватадан жана марлиден

48

Таяктар

49

Түтүктөр

медициналык резиналык, манжеттер, дренаждар, фистулалар, буждар

50

Кан алуу жана куюу, кан алмаштыруу жана инфузиялык эритмелер үчүн орнотмо, кан жана анын компоненттери үчүн полимердик контейнерлер(\*)

51

Флакон-тамчылаткыч

52

Көкүрөк чөйчөктөр

Бейтаптарды багуу предметтери

53

Кагаз

пергаменттик, момдолгон, компресстик, медициналык, пластикат компресстик

54

Ванночкалар

көздү жууш үчүн

55

Грелкалар

56

Клеенка

төшөлчү резина-кездеме, компресстик, медициналык, пластикат компресстик

57

Эсмарх кружкасы

58

Лотокчолор

59

Оюлууга каршы матрацтар

60

Айнек идиш

61

Бел курлар (бандаждар)

62

Шейшептер

бир жолку медициналык

63

Дары ичүү үчүн стаканчалар

64

Алдына коюлуучу капыкчалар

металл, резина, фарфор

65

Халаттар

кебез кездеме, зыгыр, синтетикалык, бир жолку ж.б.

66

Иммобилизациялык шиналар

ар кандай маркадагы жана арналыштагы

Гигиеналык жана косметикалык каражаттар

67

Даараткана кагазы

68

Резина губкалар

69

Дезодоранттар

70

Депиляторий

71

Тиш паста жана порошоктор

72

Декоративдүү косметика

73

Дарылоочу косметика

74

Лезвия, лезвия үчүн станоктор

75

Лосьондор, кремдер

76

Эфир майлары

77

Атырлар

78

Аялдардын гигиеналык пакеттери

79

Памперстер

80

Балдардын жалаяктары

81

Кагаз бет аарчылар

82

Кагаз сүлгүлөр

83

Аялдардын гигиеналык прокладкалары

84

Сагыз

85

Медициналык салфеткалар

дарылоо-алдын алуу таасири менен

86

Кагаз дасторкон

ар кандай маркадагы жана арналыштагы

87

Гигиеналык каражаттар

88

Ымыркайлар үчүн гигиена каражаттары

дары заттарды камтыган кремдер, майлар, лосьондор, жыттуу суулар, спрейлер, пудралар, помадалар, присыпкалар, аэрозолдор ж.б.

89

Чачтарды кароо каражаттары

90

Бет, дене, кол, бут терисин кароо үчүн каражаттар

91

Ооз көңдөйүн кароо үчүн каражаттар

92

Жуугуч каражаттар

93

Аялдар тампондору

самындар, шампундар

94

Аялдардын гигиеналык ич кийимдери

95

Жыттуу суу

96

Колду жууш үчүн щеткалар

97

Тиш щеткалар

98

Буттун терисин кароо үчүн кыргыч щеткалар (металл)

Медициналык приборлор жана аспаптар

99

Глюкометрлер

100

Таразалар

медициналык балдардыкы, боюн өлчөгүч менен, жерге коюлуучу (электрондук), механикалык портативдүү, столго коюлуучу, ымыркайлар үчүн жана 1,5 жаштагы балдарга жана башка типтеги

101

Ингаляторлор

бардык түрү

102

Дистилляторлор

103

Ланцеттер (скарификатор) (\*)

104

Тигүү материалдары

105

Медициналык кайчылар

106

Пинцеттер

107

Сууну тазалоо приборлору

108

Стерилизаторлор

109

Оорутпоочу стимуляторлор

110

Термометрлер

медициналык, ванналар үчүн, аба, электрондук, сымап ж.б.

111

Бейтаптардын өзүн-өзү контролдоосу үчүн тест-тилкелер

бардык гүрү

112

Тонометрлер

113

Бактериялык чыпкалар

114

Фонендоскоптор

115

Шприцтер

ар кандай типтеги жана сыйымдуулуктагы

"Оптика" дүкөндөрүндөгү көз айнек буюмдары

116

Көз айнектерге аксессуарлар (кутулар, аарчыгычтар ж.б.)

117

Жумшак контакттык линзалар

118

Көз айнек алкактары

119

Даяр көз айнектер

120

Коргоочу көз айнектер

121

Коррекциялоочу көз айнектер

122

Көз ооруларында диагностика жана дарылоо үчүн түзүлүштөр жана каражаттар(\*)

Медициналык максаттар үчүн идиш

123

Фарфор, фаянс жарым фарфор жана майоликадан медициналык максаттар үчүн буюмдар

124

Айнек идиш

пробиркалар, бөтөлкөлөр, анализдер үчүн идиш, баночкалар

Сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу предметтери жана каражаттары

125

Тренажерлор

медициналык максаттар үчүн "Здоровье" калькуляторлору

126

Массажерлор

Стоматологиялык жана тиш протездик приборлор, аспаптар, материалдар

127

Стоматологиялык материалдар

128

Стоматологиялык пластмассалар

129

Пластмасса-мономер

130

Чапталып жасалган көчүрмө материалдары

131

Термопластикалык масса

132

Металлдар жана буюмдар

133

Көмөкчү материалдар

134

Сайкалдоо материалдары

135

Абразивдик буюмдар

136

Ар кандай дисктер

137

Бормашиналар жана шлейф машиналар үчүн ийилгич таштар, тегеректер

138

Стоматологиялык аспаптар Тиш протездик приборлор

Дарылоо жана профилактикалык арналыштагы продуктулар жана тамак-аш кошундулары

139

Мүнөздөп тамактануу

140

Дарылоо-профилактикалык тамактануу, анын ичинде балдардын дарылоо-профилактикалык тамактандыруу

141

Энтералдык тамактандыруу каражаттары

142

Тамак-ашка биологиялык активдүү кошундулар

Минералдык суулар

143

Минералдык суулар

дарылык, ашканалык жана дарылык-ашканалык

Башка товарлар

144

Аптечкалар

145

Балдардын горшоктору

146

Таяктардын учтары

147

Балдактар

148

Полиэтилен пленка

149

Суспензориялар

Медициналык, фармацевтикалык, санитардык-агартуучу, спорттук адабияттар, сергек жашоо мүнөзүн үгүттөө үчүн видео продукциялар

Эскертүү. (\*) Лицензиясы бар жеке практикадагы дарыгерлерге жана саламаттык сактоо уюмдарына сатуу үчүн арналган товарлар.

1. Дарыкана уюмдары аркылуу сатылуучу бардык товарларда алардын сапатын ырастоочу документи болушу керек.

2. Медициналык багыттагы товарлар жана буюмдар дары-дармек каражаттарынан өзүнчө жайгаштырылып, ушул Тизмекте көрсөтүлгөн топторго бөлүштүрүлүшү керек.
