# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 747 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга негизги иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 747 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга негизги иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 747
- Кабыл алынган күнү: 24.10.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93995>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15719/edition/510945/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93995.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 747 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга негизги иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому (05.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93995

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 111 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 24-октябры № 747 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга негизги иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө

Экономикалык саясатты улантуу, коомчулуктун кызыкчылыгына жооп берген өнүгүүнүн максаттарына жетишүү, экономикалык реформаларды өткөрүү үчүн туруктуу платформаны түзүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2264-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга негизги Иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз, алдынча башкаруу органдары, ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жалпылоо үчүн берип турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен, Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турушсун.

4. Иш-чаралар планын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 494 токтому.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
