# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябры № 743 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябры № 743 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 743
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93991>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15715/edition/682162/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93991.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябры № 743 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (10.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93991

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 23-октябры № 743 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 733 КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу жободо:

- 1.1-пункттун төртүнчү абзацында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;

- 1.1-пунктча төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- аймактык бөлүм - ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген компетенциянын чегинде өз ишин жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү.";

- 2.1-пункттун төртүнчү абзацында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;

- 4.1-пунктта "социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрүнө" деген сөздөр "аймактык бөлүмгө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 6.2-пункттун биринчи абзацында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;

- 6.3-пункттун 2-пунктчасында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;

- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "аймактык бөлүм" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 733 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
