# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-октябрындагы № 738 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-октябрындагы № 738 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 738
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93986>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15710/edition/447195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93986.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-октябрындагы № 738 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (22.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93986

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 22-октябры № 738

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу. жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө жободо:

14-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "14. Эмитент кийинки айга МБКны чыгаруунун пландалган көлөмү жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же эмитенттин расмий web-сайтында же тоорукту уюштуруучунун расмий web-сайтында ошол айдын 30унан кеч эмес мезгилде жарыялоону камсыз кылат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
