# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 732 "Кыргыз Республикасында илбирсти сактоонун 2013-2023-жылдарга карата улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 732 "Кыргыз Республикасында илбирсти сактоонун 2013-2023-жылдарга карата улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 732
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93980>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15704/edition/447134/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93980.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 732 "Кыргыз Республикасында илбирсти сактоонун 2013-2023-жылдарга карата улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому (19.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93980

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 19-октябры № 732 Кыргыз Республикасында илбирсти сактоонун 2013-2023-жылдарга карата улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө

БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу, илбирстин санын сактоо жана калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында илбирсти сактоонун 2013-2023-жылдарга карата улуттук стратегиясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасында илбирсти сактоонун 2013-2023-жылдарга карата улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттердин планын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
